Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 25-марты № 64
2025-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Суу чарба жана энергетика объекттерине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене
2025-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Суу чарба жана энергетика объекттерине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча макулдашуу ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө тажик тарапка кабарласын жана ратификациялык грамоталарды алмашууну жүргүзсүн.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 28-мартындагы № 23 (3679) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 19-мартында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |