Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 14-марты ПЖ № 89
Кыргыз Республикасынын Эфиопия Федеративдик Демократиялык Республикасындагы Элчилигин уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эфиопия Федеративдик Демократиялык Республикасы менен саясий, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий байланыштарын андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 10-пунктуна ылайык токтом кылам:
1. Аддис-Абеба шаарында жайгаштыруу менен Кыргыз Республикасынын Эфиопия Федеративдик Демократиялык Республикасындагы Элчилиги уюштурулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- Кыргыз Республикасынын Эфиопия Федеративдик Демократиялык Республикасындагы Элчилигинин ишин уюштуруу жана финансылык жактан камсыз кылуу маселелерин чечсин;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин штаттык санын 4 бирдикке көбөйтүү маселесин чечсин;
- өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |