Редакцияот 19.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Н. ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Н. Исанов атындагы айылдык Кеңешинин №8-чакырылышынын

кезексиз 9-отуруму (сессиясы)

 

2024-жылдын 02-марты №9-1

Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Кожоке айылынын Ак-Терек аталышындагы кыштоосунун жаңы көчөсүнө жана Жар-Коргон айылындагы айыл башчынын конторасынан баштап, Кудайбердиев Кылычтын үйүнө чейинки аты жок көчөгө ат берүү жөнүндө

«Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Кожоке айылынын Ак-Терек кыштоосунун аты жок көчөсүнө Турду Ата атын берүүгө айыл (кыштоо) тургундарынын арызынын негизинде, Жар-Коргон айылындагы айыл башчынын конторасынан баштап, Кудайбердиев Кылычтын үйүнө чейинки аты жок көчөгө «Улук катын» атын берүү жөнүндөгү тургундардын кайрылуусуна негиз, айылдык Кеңештин депутаттарынын сунуш пикирлерин угуп талкуулап, Н. Исанов атындагы айылдык Кеңеши карап чыгып токтом кылат:

1.Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Кожоке айылынын Ак-Терек кыштоосунун ат коюула элек көчөгө Турду Ата атына жана Жар-Коргон айылындагы айыл башчынын конторасынанан баштап, Кудайбердиев Кылычтын үйүнө чейинки аты жок көчөгө «Улук катын» атын берүү жөнүндөгү тургундардын кайрылуусу канааттандырылсын.

2.Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Кожоке айылынын Ак-Терек кыштоосундагы Бекташов Сайитмаматтин жеринен Абдиев Нурландын жерине чейинки көчөгө Турду Атанын атын берүүгө, Жар-Коргон айылындагы айыл башчынын конторасынанан баштап, Кудайбердиев Кылычтын үйүнө чейинки аты жок көчөгө «Улук катын» атын берүүгө макулдук берилсин.

3.Кожоке айылынын Ак-Терек кыштоосуна Турду Атанын атын алган көчөнүн жана Жар-Коргон айылынын айыл башчынын конторасынан баштап Кудайбердиев Кылычтын үйүнө чейинки «Улук катын» атын алган көчөнүн юридикалык документерин «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ноокат райондук филиалынан мыйзам чегинде каттап берүү жагы айыл өкмөт тарабына сунушталсын.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М. Ташиевге жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Жолдошов