Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 26-марты № 153
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинде:
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине ылайык мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү стандартташтыруу, ошондой эле муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине ылайык муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү стандартташтыруу үчүн жооптуу мамлекеттик органдарга тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү боюнча.".
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 "Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестринде:
- "Билим берүүчү жана маданий кызмат көрсөтүүлөр" деген 1-главанын 103-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
103 | Жарандык коргонуу жана тоо кырсыгынан куткаруу иши жаатында окутуу, даярдоо жана кайра даярдоо | ӨКМ | ӨКМ | Акы төлөнөт |
";
- "Коопсуздукту жана сактоону камсыз кылуу" деген 8-глава төмөнкүдөй мазмундагы 14-пункт менен толукталсын:
"
14 | Радиоактивдүү материалдарды, заттарды, калдыктарды сактоо, көмүү, ташуу (анын ичинде трансчек аралык) | ӨКМ | ӨКМ | Акы төлөнөт |
".
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 9-февралындагы № 91 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрине кирген муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Бул токтом 2025-жылдын 2-июнунан тартып күчүнө кирүүчү 3-пунктту кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
|
А.А. Касымалиев
|