Сравнение редакций…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-мартындагы № 168 токтомуна) |
Кыргыз Республикасына 2024-жылдын 31-декабрына чейин ташып киргизилген жана мамлекеттик каттоодон өтпөгөн автотранспорт каражаттарынын айрым категорияларын легалдаштыруунун УБАКТЫЛУУ ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-апрелиндеги № 201 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасына 2024-жылдын 31-декабрына чейин ташып киргизилген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик каттоодон өтпөгөн автотранспорт каражаттарынын айрым категорияларын легалдаштыруунун убактылуу тартиби (мындан ары - Убактылуу тартип) Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын аткаруу максатында иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасына 2024-жылдын 31-декабрына чейин ташып киргизилген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик каттоодон өтпөгөн автотранспорт каражаттарын легалдаштыруунун убактылуу эрежелерин белгилейт, ошондой эле мындай автотранспорт каражаттарынын категорияларын аныктайт.
2. Бул Убактылуу тартиптин колдонулушу төмөнкү автотранспорт каражаттарына жайылтылбайт:
- 2024-жылдын 31-декабрынан кийин Кыргыз Республикасына ташып киргизилген;
- Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 264-беренесине ылайык ташып киргизилген.
3. Автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу, анын ичинде автотранспорт каражаттарын легалдаштырууга көрсөтүү мөөнөтү 2025-жылдын 1-апрелинен башталат жана 2025-жылдын 1-октябрында аяктайт.
4. Бул Убактылуу тартиптин колдонулушу рулдук башкаруусунун жайгашуусуна карабастан М1, M1G, M2, M2G, N1, N1G категориясындагы автотранспорт каражаттарына жайылтылат, мында алар Кыргыз Республикасынын жарандарына катталат.
2-глава. Автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу тартиби
5. Автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу Кыргыз Республикасынын жарандарынын (мындан ары - арыз ээси) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин (мындан ары - Агенттик) аймактык бөлүмдөрүнө кайрылуусу аркылуу жүргүзүлөт.
6. Чет мамлекеттердин мамлекеттик каттоочу номердик белгилери менен укук белгилөөчү документтери бар автотранспорт каражаттарын каттоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө" токтому менен бекитилген Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо эрежелерине ылайык жүргүзүлөт.
7. Чет мамлекеттердин мамлекеттик каттоочу номердик белгилери менен укук белгилөөчү документтери жок талаптагыдай техникалык абалдагы автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу үчүн арыз ээси төмөнкүлөрдү берет:
- транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча арызды;
- "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы инсандык күбөлүк же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортун (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасын - паспортун (ID-карта);
- транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктү (бар болсо);
- транспорт каражатына менчик укугун тастыктаган документти (бар болсо);
- фотофиксация менен визуалдык текшерүү жүргүзүү үчүн транспорт каражатын;
- транспорт каражаты изделип жаткандардын катарында, ошондой эле күрөөдө, үчүнчү жактар менен талаштын предмети эместиги, камакка алынбагандыгы жана ушул Убактылуу тартиптин тиркемесине ылайык такси катары пайдаланылбагандыгы жөнүндө милдеттенме;
- транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү боюнча аккредиттелген контролдоо органы тарабынан берилген транспорт каражатынын коопсуздугу жөнүндө корутунду;
- (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-апрелиндеги № 201 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-апрелиндеги № 201 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- каттоо, атайын бланк продукциясы жана мамлекеттик каттоо белгилери үчүн жыйымдардын жана төлөмдөрдүн төлөнгөндүгү жөнүндө квитанциялар. Төлөм төлөмдөрдү кабыл алуунун электрондук системасы аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн;
- легалдаштыруу үчүн жыйымдар төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция.

8. Агенттиктин кызматкери:
1) ушул Убактылуу тартипке ылайык легалдаштыруу боюнча иш-аракеттерди жасоонун алдында арыз ээсин адамдын жүзүнүн графикалык сүрөтү боюнча берилген документтерге фамилиясынын, атынын, атасынын атынын шайкештиги боюнча идентификациялоону жүргүзөт;
2) автотранспорт каражатын легалдаштыруу жөнүндө арызды түзөт жана автоматташтырылган маалыматтык системанын жардамы менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүү күнүн белгилейт. Аталган системада маалыматтар болбогон учурда транспорт каражатын ташып келүү күнү 2024-жылдын 30-декабры болуп эсептелет;
3) автотранспорт каражатынын арызда көрсөтүлгөн каттоо документтерине жана башка документтерге шайкештигин фотофиксациялоо менен карап чыгат;
4) автотранспорт каражатын издөөдө жүргөндүгүн текшерет;
5) легалдаштырууда ушул Убактылуу тартипке ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик каттоочу номердик белгилерин, ошондой эле транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктү берет.

9. Автотранспорт каражаттары ушул Убактылуу тартиптин 7-пунктуна ылайык катталгандан кийин андан ары ээликтен ажыратууга же Кыргыз Республикасынын аймагынан сыртка ташып чыгарылууга жатпайт, бул тууралуу электрондук маалымат базасына, ошондой эле транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктүн "өзгөчө белгилер" графасына тиешелүү маалыматтар киргизилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-апрелиндеги № 201 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Транспорт каражатын легалдаштыруудан баш тартуу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- транспорт каражаты издөөдө жүргөн болсо;
- транспорт каражаты 2024-жылдын 31-декабрынан кийин ташып киргизилсе;
- транспорт каражатында чет мамлекеттин мамлекеттик каттоочу номердик белгилери жок болсо.
11. Баш тартуу жөнүндө чечим административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даттанылышы мүмкүн.
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-мартындагы № 168 токтомуна) |
Кыргыз Республикасына 2024-жылдын 31-декабрына чейин ташып киргизилген жана мамлекеттик каттоодон өтпөгөн автотранспорт каражаттарынын айрым категорияларын легалдаштыруунун УБАКТЫЛУУ ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-апрелиндеги № 201 , 2025-жылдын 21-июлундагы № 435 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасына 2024-жылдын 31-декабрына чейин ташып киргизилген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик каттоодон өтпөгөн автотранспорт каражаттарынын айрым категорияларын легалдаштыруунун убактылуу тартиби (мындан ары - Убактылуу тартип) Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын аткаруу максатында иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасына 2024-жылдын 31-декабрына чейин ташып киргизилген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик каттоодон өтпөгөн автотранспорт каражаттарын легалдаштыруунун убактылуу эрежелерин белгилейт, ошондой эле мындай автотранспорт каражаттарынын категорияларын аныктайт.
2. Бул Убактылуу тартиптин колдонулушу төмөнкү автотранспорт каражаттарына жайылтылбайт:
- 2024-жылдын 31-декабрынан кийин Кыргыз Республикасына ташып киргизилген;
- Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 264-беренесине ылайык ташып киргизилген.
3. Автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу, анын ичинде автотранспорт каражаттарын легалдаштырууга көрсөтүү мөөнөтү 2025-жылдын 1-апрелинен башталат жана 2025-жылдын 1-октябрында аяктайт.
4. Бул Убактылуу тартиптин колдонулушу рулдук башкаруусунун жайгашуусуна карабастан М1, M1G, M2, M2G, N1, N1G категориясындагы автотранспорт каражаттарына жайылтылат, мында алар Кыргыз Республикасынын жарандарына катталат.
2-глава. Автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу тартиби
5. Автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу Кыргыз Республикасынын жарандарынын (мындан ары - арыз ээси) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин (мындан ары - Агенттик) аймактык бөлүмдөрүнө кайрылуусу аркылуу жүргүзүлөт.
6. Чет мамлекеттердин мамлекеттик каттоочу номердик белгилери менен укук белгилөөчү документтери бар автотранспорт каражаттарын каттоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө" токтому менен бекитилген Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо эрежелерине ылайык жүргүзүлөт.
7. Чет мамлекеттердин мамлекеттик каттоочу номердик белгилери менен укук белгилөөчү документтери жок талаптагыдай техникалык абалдагы автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу үчүн арыз ээси төмөнкүлөрдү берет:
- транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча арызды;
- "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы инсандык күбөлүк же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортун (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасын - паспортун (ID-карта);
- транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктү (бар болсо);
- транспорт каражатына менчик укугун тастыктаган документти (бар болсо);
- фотофиксация менен визуалдык текшерүү жүргүзүү үчүн транспорт каражатын;
- транспорт каражаты изделип жаткандардын катарында, ошондой эле күрөөдө, үчүнчү жактар менен талаштын предмети эместиги, камакка алынбагандыгы жана ушул Убактылуу тартиптин тиркемесине ылайык такси катары пайдаланылбагандыгы жөнүндө милдеттенме;
- транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү боюнча аккредиттелген контролдоо органы тарабынан берилген транспорт каражатынын коопсуздугу жөнүндө корутунду;
- (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-апрелиндеги № 201 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-апрелиндеги № 201 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- каттоо, атайын бланк продукциясы жана мамлекеттик каттоо белгилери үчүн жыйымдардын жана төлөмдөрдүн төлөнгөндүгү жөнүндө квитанциялар. Төлөм төлөмдөрдү кабыл алуунун электрондук системасы аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн;
- легалдаштыруу үчүн жыйымдар төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-апрелиндеги № 201 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Агенттиктин кызматкери:
1) ушул Убактылуу тартипке ылайык легалдаштыруу боюнча иш-аракеттерди жасоонун алдында арыз ээсин адамдын жүзүнүн графикалык сүрөтү боюнча берилген документтерге фамилиясынын, атынын, атасынын атынын шайкештиги боюнча идентификациялоону жүргүзөт;
2) автотранспорт каражатын легалдаштыруу жөнүндө арызды түзөт жана автоматташтырылган маалыматтык системанын жардамы менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүү күнүн белгилейт. Аталган системада маалыматтар болбогон учурда транспорт каражатын ташып келүү күнү 2024-жылдын 30-декабры болуп эсептелет;
3) автотранспорт каражатынын арызда көрсөтүлгөн каттоо документтерине жана башка документтерге шайкештигин фотофиксациялоо менен карап чыгат;
4) автотранспорт каражатын издөөдө жүргөндүгүн текшерет;
5) легалдаштырууда ушул Убактылуу тартипке ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик каттоочу номердик белгилерин, ошондой эле транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктү берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-апрелиндеги № 201 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Ушул Убактылуу тартипке ылайык легалдаштырылган автотранспорт каражаттары андан ары ээликтен ажыратууга, Кыргыз Республикасынын аймагынан сыртка ташып чыгарылууга, ошондой эле башка адамдарга башкаруу укугун өткөрүп берүүгө жатпайт. Көрсөтүлгөн чектөөлөр жөнүндө маалымат электрондук маалымат базасына киргизилет.