Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 2-августу № 102
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын
19-ноябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик
чегарасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол
катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана
Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы
ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу
боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү
киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан жол кыймылына талаптагыдай контроль жана көзөмөл жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 6-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2021-жылдын 6-августундагы № 85 (3264) саны менен жарыяланды
Төрага | У.А.Марипов |
Тиркеме |
"6-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун
ТИЗМЕСИ
№ | Өткөрүү пунктунун аталышы | Өткөрүү пунктунун жайгашкан жери (облус, район, калктуу конуш) | Стационардык посттордун иштөө режими | Контролдоонун түрлөрү | ||||
ИИМдин автомобилдик инспекциялары | Транспорттук | Ветеринардык | Фитосанитардык | Баңгизаттарга каршы | ||||
1 | Чычкан | Жалал-Абад облусу, Токтогул р-ну, Чычкан капчыгайы Бишкек-Ош автожолунун 272-км | Күнү-түнү | + | - | + | - | + |
2 | Манас | Чүй облусу, Сокулук р-ну, Акжол айылы, Бишкек а/п - "Манас" автожолу | Күнү-түнү | - | - | - | - | + |
3 | Маловодное | Чүй облусу. Сокулук р-ну, Маловодное айылы, Бишкек-Ташкент автожолу | Күнү-түнү | - | + | - | - | + |
4 | Сосновка | Чүй облусу, Жайыл р-ну, Сосновка айылы, Бишкек-Ош автожолунун 82-км | Күнү-түнү | + | + | + | + | + |
5 | Ысык-Көл | Ысык-Көл облусу, Тоң р-ну, Бишкек-Каракол автожолунун 144-км | Күнү-түнү | - | + | - | + | + |
6 | Ак-Жол | Чүй облусу, Аламүдүн р-ну, Бишкек-Алматы автожолунун 18-км | Күнү-түнү | - | - | - | - | + |
7 | Каракөл | Жалал-Абад облусу, Токтогул р-ну, Бишкек-Ош автожолунун 395-км | Күнү-түнү | - | + | - | - | + |
8 | Кызыл көпүрө | Чүй облусу. Кемин р-ну, Бишкек-Торугарт автожолунун 135-км | Күнү-түнү | + | - | + | + | + |
9 | Киргшелк | Чүй облусу, Ысык-Ата р-ну, Бишкек-Торугарт автожолунун 16-км | Күнү-түнү | - | + | - | - | + |
10 | Рязан-Сай | Жалал-Абад облусу, Аксы р-ну, Бишкек-Ош автожолунун 425-км | Күнү-түнү | - | - | - | - | + |
11 | Кызыл-Омпол | Ысык-Көл облусу, Тоң р-ну, Кочкор-Балыкчы автожолунун 55-км | Күнү-түнү | - | - | - | - | + |
12 | Актурпак | Баткен облусу, Баткен р-ну, Баткен-Кадамжай айланма автожолунун 29-км | Күнү-түнү | + | - | - | - | + |
13 | Кызыл-Кыя | Баткен облусу, Кызыл-Кыя ш., Бишкек-Баткен автожолунун 170-км | Күнү-түнү | - | - | - | + | - |
14 | Балыкчы | Ысык-Көл облусу, Балыкчы ш., "Ак-Кеме" экологиялык посту Балыкчы-Бишкек автожолунун 190-км | Күнү-түнү | - | - | - | + | - |
15 | Сары-Чат | Нарын облусу, Кочкор р-ну, Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунун 174-км | Күнү-түнү | + | - | - | - | - |
".