Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги N 245 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2016-жылдын 9-декабры № 651
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Контракт боюнча аскердик кызмат өтөөнү тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө жободо:
22-пунктунун 6-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Мурда ушул Жобонун 186-пунктунун 5 - 91-пунктчаларында жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартиптик уставынын 106-пунктунда каралган негиздер боюнча аскердик кызматтан бошотулган жарандар улуттук коопсуздук органдарына контракт боюнча аскердик кызматка кабыл алынбайт.";
186-пунктунда:
- 61-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"61) Улуттук коопсуздук органдарында контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары ишинин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, төмөнкүлөр жөнүндө күбөлөндүргөн кызматтык териштирүүнүн корутундусунун негизинде мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими боюнча ишеничтен кеткендигине байланыштуу бошотулушу мүмкүн:
- акчалай жана товардык баалуулуктарды түздөн-түз тейлеген аскер кызматчысы күнөөлүү аракеттерди жасаганы;
- мыйзам менен белгиленген же оперативдүү зарылчылыктан келип чыккан учурлардан тышкары, ишкердик иштин бардык түрлөрү же коммерциялык уюмдардын башкаруу органдарындагы иштер менен алектенгени;
- динге карата тигил же бул мамилени үгүттөө үчүн өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланганы;
- оперативдүү зарылчылыктан келип чыккан учурлардан тышкары, саясий партияларды, коммерциялык эмес жана диний уюмдарды түзгөнү, мүчө болгону, аларга катышканы, ар кандай түрдө көмөк көрсөткөнү, саясий максаттарды көздөгөн мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдарынын кызмат адамдарына көмөк көрсөткөнү;
- профсоюздарга мүчө болгону, иш таштоолорду, митингдерди, манифестацияларды уюштурганы же аларга катышканы, ошондой эле мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштешине тоскоолдук жараткан башка иш-аракеттерге катышканы;
- оперативдүү зарылчылыктан келип чыккан учурлардан же болбосо аскер бөлүгүнүн командиринин (мекеменин, уюмдун башчысынын) жазуу жүзүндөгү уруксаты менен жекече тартипте илимий, педагогикалык, ойлоп табуучулук, эксперттик иш менен байланышкан иштерден тышкары, ишканаларда, мекемелерде, уюмдарда айкалыштыруу менен иштегени;
- "кызматтык пайдалануу үчүн" жетүү чектелген грифи бар документтерди органдын жетекчисинин жазуу жүзүндөгү уруксатысыз кайсы болбосун юридикалык жана жеке адамдарга бергени;
- аскер кызматчысына ага жүктөлгөн милдеттерди аткарууда белгилүү болгон мыйзам менен корголгон сырды (мамлекеттик, аскердик, кызматтык же башка) ачыкка чыгарганы;
- башка мамлекеттин жарандыгы бар экендигин жашырганы же Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар экендиги жөнүндө атайын жалган маалыматты бергени;
- мамлекеттик кызматчынын, ошондой эле анын жакын туугандарынын кирешелери, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө декларацияны бербегени же мамлекеттик кызматчынын, ошондой эле анын жакын туугандарынын кирешелери, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө декларацияда атайын туура эмес же толук эмес маалыматтарды бергени;
- аскер кызматына кабыл алууда аскер кызматчысынын жалган документтерди же атайын жалган маалыматтарды бергени;
- алар Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген талаптарды жана чектөөлөрдү сактабаганы;
- алардын жеке кызыкчылыктарына, жакын туугандарынын кызыкчылыктарына, ошондой эле алардын багуусунда турган же чогуу жашаган же болбосо жалпы чарбасы бар адамдардын же жыныстык мамилелерде же болбосо төмөнкү мүлктүк милдеттенмелерге негизделген мамилелерде болгон адамдардын кызыкчылыктарына тиешеси бар маселелерди чечүүдө өздөрүнүн ыйгарым укуктарын пайдаланганы:
а) коммерциялык эмес же диний уюмдардын, саясий партиялардын же болбосо саясий максаттарды көздөгөн уюмдардын ишине, иш таштоолорду жана башка мыйзамсыз массалык иш-чараларды уюштурууга же аларды өткөрүүгө катышууга,
б) террористтик, экстремисттик жана мыйзамсыз диний ишке;";
- 9-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккандыгына, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготконуна байланыштуу;";
- 91-пунктчадагы "алууга" деген сөз, "кабыл алууга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 10-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10) аскердик кызмат менен байланышпаган кызматтарга шайланган же дайындалган учурда (Куралдуу Күчтөрдүн кадрында калтырбастан).";
төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма алтынчы жана жыйырма жетинчи абзацтар менен толукталсын:
"Улуттук коопсуздук органдарында контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары ишинин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, ушул пункттун 5 - 61-пунктчаларында каралган негиздер боюнча кызматтык териштирүүнүн корутундусунун негизинде аларга карата кылмыш иши козголгондугуна байланыштуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими боюнча бошотулушу мүмкүн.
Аталган адамдарга карата кылмыш иши Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 28-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-3-пункттары боюнча токтотулган же соттун мыйзамдуу күчүнө кирген актоо өкүмү чыккан учурда, алар белгиленген тартипте калыбына келтирилет.";
187-пунктунун бешинчи абзацындагы "4-9-пунктчалары" деген цифралар жана сөз "4-10-пунктчалары" деген цифралар жана сөз менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү, башка аскердик түзүлүштөрү жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдары өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2016-жылдын 13-декабрында № 110 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
|
С. Жээнбеков |