Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 162 токтомуна) |
Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фондун түзүү жана жүргүзүү ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фондун түзүү жана жүргүзүү тартиби (мындан ары - Тартип) Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фондун түзүү жана жүргүзүү боюнча жобону, ошондой эле аны пайдалануунун эрежесин белгилейт.
2. Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фонду техникалык жөнгө салуу жана сапат чөйрөсүндөгү документтердин уюштуруучулук иретке салынган жыйындысын билдирет жана жалпы пайдалануудагы мамлекеттик маалыматтык ресурс болуп эсептелет.
3. Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фондунун функцияларына стандарттар жөнүндө маалыматтарга тийиштүү Дүйнөлүк соода уюмунун Соодадагы техникалык тоскоолдуктар боюнча макулдашуунун жоболорун аткарууну камсыз кылуучу улуттук Маалымат кызматы кирет.
4. Техникалык регламенттер жана стандарттардын улуттук маалыматтык фонду аткаруу бийлигинин органдары, чарбалык ишмердүүлүк субъекттери, коомдук бирикмелер, техникалык жөнгө салуу, стандартташтыруу, метрология жана шайкештикти баалоо боюнча эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдар өз ара аракеттенген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор (мындан ары - Кыргызстандарт) тарабынан жүргүзүлөт.
2-глава. Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фондунун курамы жана иш жүргүзүү тартиби
5. Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фондунун курамына төмөнкүдөй документтер кирет:
1) техникалык регламенттер (продукцияга жана/же аны менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү өчүрүү менен), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстерине карата милдеттүү түрдө колдонулуучу жана аткарылуучу талаптарды белгилеген документтер, ошондой эле алардын белгиленген милдеттүү талаптарга шайкештигин баалоонун формалары жана жол-жоболору);
2) улуттук стандарттар, алдын ала улуттук стандарттар, мамлекеттик классификаторлор, уюмдардын стандарттары, эл аралык стандарттар, региондук стандарттар, чет мамлекеттердин стандарттары, эрежелер топтому, чет мамлекеттердин эрежелеринин региондук топтому, эл аралык стандарттардын, региондук стандарттардын жана эрежелердин региондук топтомдорунун, чет мамлекеттердин стандарттарынын жана Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча улуттук органы тарабынан эсепке алынган чет мамлекеттердин эрежелеринин топтомунун мамлекеттик жана (же) расмий тилдерде талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн котормолору, стандартташтыруу боюнча эл аралык жана региондук уюмдарды стандартташтыруу боюнча документтер жана чет мамлекеттерди стандартташтыруу боюнча башка документтер;
3) техникалык отчеттор (инновацияларга карата мүнөздөмөлөрдү, эрежелерди жана принциптерди белгилөөчү стандартташтыруу боюнча документ).
Документтер расмий жарыялоо катарында жана электрондук-санариптик түрдө Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фондунда сакталат.
6. Кыргызстандарт төмөнкүлөрдү уюштурат:
1) Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фондун тийиштүү документтер менен комплекттөө;
2) Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фондунун документтерин борбордоштуруп эсепке алуу жана сактоо, ошондой эле аларды өз учурунда актуалдаштыруу;
3) техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фондунун жоюлган (күчүн жоготкон) документтерин (5 жыл) сактоо;
4) чет өлкөлөрдүн стандартташтыруу боюнча эл аралык (региондук) жана улуттук органдар менен стандартташтыруу боюнча документтерин алмашуу;
5) Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлөрдүн эл аралык (региондук) жана улуттук стандарттарын жайылтууга укук берүү жөнүндө чет өлкөлөрдүн стандартташтыруу боюнча эл аралык (региондук) жана улуттук органдары менен келишимдерди түзүү;
6) кайрадан ишке киргизилген, ошондой эле кайрадан басылып чыгарылуучу улуттук стандарттарды, улуттук стандарттардын жыйнактарын, эл аралык, региондук стандарттарды (электрондук-санариптик форматта алынган), Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча маалыматтык каталогдорун жана бюллетендерин расмий жарыялоо (даярдоо, басып чыгаруу жана жайылтуу);
7) улуттук стандарттардын долбоорлорун иштеп чыгуу жөнүндө билдирүүлөрдү жана улуттук стандарттарды иштеп чыгуу, кайра кароо жана ишке киргизүү боюнча программаларды электрондук-санариптик формада жарыялоо;
8) Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча документтерин иштеп чыгуу (кабыл алуу) программасы жөнүндө маалыматтарга тийиштүү Дүйнөлүк соода уюмунун Соодадагы техникалык тоскоолдуктар боюнча макулдашуусунун жоболорун аткаруу;
9) пайдалануучуларга продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөндөгүдөй түрлөрүн көрсөтүү:
- Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фондунун документтери (алардын болушу, колдонулуу мөөнөтү, киргизилген өзгөртүүлөр, кайра кароо, өзгөртүү жана жоюу тууралуу), иштеп чыгуучулар жана аларды бекиткен органдар жөнүндө маалыматтар;
- фонддун документтери жана алардын көчүрмөсү кагазда жазуу жана/же электрондук-санариптик түрдө;
- Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фондунун документтеринин негизинде түзүлүүчү маалыматтык продукция жана кызмат көрсөтүүлөр (стандартташтыруу боюнча документтердин каталогу, стандартташтыруу боюнча маалыматтык бюллетендер);
10) стандартташтыруу боюнча документтерди каттоо:
- стандартташтыруунун негиз болуучу улуттук стандарттары жана эрежелери, улуттук стандарттар жана алдын ала улуттук стандарттар, эрежелер топтому, мамлекеттик классификаторлор, стандартташтыруу боюнча сунуштар милдеттүү түрдө катталууга тийиш;
- уюмдардын стандарттары, техникалык шарттар, техникалык отчеттор жана башка документтер эсептик каттоого алынууга тийиш;
11) стандартташтыруу боюнча документтерди колдонуу боюнча расмий түшүндүрмө берүү;
12) улуттук стандарттарды, алдын ала улуттук стандарттарды, эрежелердин топтомдорун, мамлекеттик классификаторлорду белгиленген тартипте расмий жарыялоо, басып чыгаруу жана жайылтуу. Стандарттарды жарыялоо стандартташтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук органынын расмий сайтына тексттерди жайгаштыруу жолу менен жүзөгө ашырылат;
13) эл аралык стандарттарды, региондук стандарттарды жана эрежелердин региондук топтомдорун, чет мамлекеттердин стандарттарынын жана чет мамлекеттердин эрежелеринин топтомдорун, чет мамлекеттердин стандартташтыруу боюнча башка документтерин, стандартташтыруу боюнча эл аралык жана региондук уюмдардын документтерин Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде, стандартташтыруу боюнча эл аралык же региондук уюмдарда белгиленген тартипте жана шарттарда чыгаруу жана жайылтуу.
7. Мамлекеттик, кызматтык же коммерциялык сырларды камтыган документтерди кошпогондо Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фондунун документтерине эркин жетүү камсыздалат.
8. Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фондун түзүү жана жүргүзүү республикалык бюджеттин, ошондой эле Кыргызстандарттын акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрүнүн каражаттарынын, донордук жардамдардан жана гранттардын эсебинен ишке ашырылат.
3-глава. Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фондун пайдалануу эрежеси
9. Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фондунун документтеринин (стандартташтыруу боюнча документтердин каталогу жана стандартташтыруу боюнча ар кварталдык маалыматтык бюллетендер) негизинде түзүлүүчү кагаз жүзүндөгү же электрондук түрдөгү стандартташтыруу боюнча суралуучу документтерди издөө, тандоо жана маалыматтык абонент боюнча керектөөчүлөрдү тейлөө монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилүүчү баалардын прейскурантына ылайык акы төлөнүүчү негизде ишке ашырылат.
Стандартташтыруу боюнча эл аралык (региондук) жана чет өлкөлүк уюмдардын документтерин жайылтуу үчүн акынын өлчөмү эл аралык (региондук) стандарттарды жана чет өлкөлөрдүн улуттук стандарттарын жайылтууга укук берүү жөнүндө келишимдердин жоболорун эске алуу менен белгиленет.