Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 27-марты ПЖ № 105
2040-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздук концепциясы жөнүндө
Климаттын өзгөрүүсү, айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышты пайдалануу жаатындагы чакырыктардан жана коркунучтардан инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу максатында, экологиялык коопсуздук өлкөнүн улуттук коопсуздугунун курамдык бөлүгү болуп саналарын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16, 66, 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2040-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздук концепциясы (мындан ары - Экологиялык коопсуздук концепциясы) 1-тиркемеге ылайык;
2) Экологиялык коопсуздук концепциясын ишке ашыруу боюнча биринчи этабынын 2025-2029-жылдар мезгилине иш-аракеттер планы (мындан ары - Иш-аракеттер планы) 2-тиркемеге ылайык;
3) Экологиялык коопсуздук концепциясын ишке ашыруу боюнча биринчи этабынын 2025-2029-жылдар мезгилине индикаторлор матрицасы (мындан ары - Индикаторлор матрицасы) 3-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, административдик ведомстволору жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар:
1) аткарылышына жооптуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Экологиялык коопсуздук концепциясынын жана Иш-аракеттер планынын өз убагында жана толук аткарылышына туруктуу негизде координациялоо жана мониторинг жүргүзсүн;
2) Экологиялык коопсуздук концепциясынын жана Иш-аракеттер планынын жоболорун белгиленген мөөнөттө ишке ашырууну камсыз кылсын;
3) Иш-аракеттер планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты жыл сайын отчеттук мезгилден кийинки жылдын 10-февралынан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жыл сайын отчеттук мезгилден кийинки жылдын 25-февралына чейин, ал эми Иш-аракеттер планын ишке ашырууну орто аралык баалоонун биринчи этабынын жана толук баалоонун экинчи этабынын жыйынтыктары боюнча тиешелүү жылдын 25-мартына чейин Иш-аракеттер планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты берип турсун.
4. Экологиялык коопсуздук концепциясында көрсөтүлгөн иш-чараларды каржылоо республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү жылга бөлүнүүчү каражаттардын чегинде жүргүзүлөт деп белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-ноябрындагы № 506 "Кыргыз Республикасынын Экологиялык коопсуздук концепциясы жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 28-мартындагы № 23 (3679) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
Экологиялык коопсуздук концепциясын ишке ашыруу боюнча биринчи этабынын 2025-2029-жылдар мезгилине ИШ-АРАКЕТТЕР ПЛАНЫ
№ | Милдеттер | Иш-аракеттер | Мөөнөтү | Күтүлгөн натыйжалар | Жооптуу аткаруучулар |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
I бөлүм. Биосфера артыкчылыктуу багыты | |||||
1-глава. Митигация жана климаттын өзгөрүшүнө карата адаптация | |||||
1 | Климаттын өзгөрүшүнүн терс кесепеттерин минималдаштыруу максатында митигациялык жана адаптациялык механизмдерди киргизүү | Төмөнкүлөрдү иштеп чыгуу жана ишке ашыруу: - Кыргыз Республикасында көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүү боюнча концепцияны; - Кыргыз Республикасында көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүү боюнча концепцияны ишке ашыруунун биринчи этабынын иш-чаралар планын; - Улуттук адаптациялоо планын | 2025-2029-жылдар | Көмүртекти аз өнүктүрүүгө өтүү жаатында Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткаруу камсыз кылынат | ЖРЭТКМ, УИА, эл аралык жана башка өнөктөштөр |
2 | Улуттук климаттык статистикага жана МОВ (мониторинг, отчеттуулук жана верификация) улуттук системасын киргизүүгө негизделген мониторинг системасын иштеп чыгуу; парник газдарын чыгаруу деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган климаттын өзгөрүшүн жумшартуу боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | 2025-2029-жылдар | МОВ (мониторинг, отчеттуулук жана верификация) системасы менен мониторинг жүргүзүү боюнча улуттук формат иштелип чыкты; парник газдарынын минималдуу чыгарууларында экономикалык өсүштү камсыз кылууга багытталган, климаттын өзгөрүшүн жумшартуу боюнча долбоорлор иштелип чыкты жана ишке ашырылды | ЖРЭТКМ, ӨКМ, эл аралык жана башка өнөктөштөр | |
2-глава. Атмосфералык абанын булганышын алдын алуу | |||||
3 | Абанын сапатын башкаруунун таасирдүүлүгүн жогорулатуу максатында атмосферага булгоочу заттарды чыгарууларга мониторинг жүргүзүү, жөнгө салуу жана азайтуу | Шаар курууда аба массаларынын айланышын эске алуу, чыгарууларды азайтуу үчүн транспорт саясатын жакшыртуу; курулуп бүткөн объекттерди эксплуатацияга берүүдө стационардык жана технологиялык булактардан чыккан катуу чаң жана газ түрүндөгү зыяндуу заттарды кармоо жана зыянсыздандыруу үчүн чаң-газдан тазалоочу орнотмолор орнотулат | 2025-2029-жылдар | Аба массасынын айланышын эске алуу менен Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки жаңы Башкы планы иштелип чыкты, чыгарууларды азайтуу үчүн транспорт саясаты жакшыртылды. Курулуп бүткөн объекттерди эксплуатацияга берүүдө чаң-газдан тазалоочу орнотмолор орнотулду | Мамкурулуш, ЖӨБО, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), ЖРЭТКМ, эл аралык жана башка өнөктөштөр |
4 | Эл аралык талаптарга жооп берген чыгарууларды эсепке алуу, инвентаризациялоо жана отчеттуулук, атмосфералык абанын булганышына мониторинг жүргүзүү системасын жакшыртуу | 2025-2029-жылдар | Чыгарууларды эсепке алуу, инвентаризациялоо жана отчеттуулук, атмосфералык абанын булганышына мониторинг жүргүзүү системалары эл аралык талаптарга жооп берет; парник газдарынын чыгарууларынын улуттук кадастры иштелип чыкты; парник газдары боюнча мониторинг, отчеттуулук жана верификация улуттук системасы түзүлдү | ЖРЭТКМ, ӨКМ, УСК (макулдашуу боюнча), эл аралык жана башка өнөктөштөр | |
5 | Көмүрдөн айырмаланган альтернативдүү жылытуу булактарын: газдаштырууну, электр энергиясын, энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдаланууга, имараттардын жана курулмалардын энергиялык натыйжалуулугун жогорулатууга дем берүү | 2025-2029-жылдар | Имараттардын жана курулмалардын энергиялык натыйжалуулугун жогорулатууга жана энергиянын кайра жаралуучу булактарынан газды жана электр энергиясын жылытуу үчүн пайдаланууга финансылык жана финансылык эмес дем берүүлөр иштелип чыкты | ЖӨБО, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), Мамкурулуш, ЖРЭТКМ, эл аралык жана башка өнөктөштөр | |
6 | Коомчулукка маалымат берүү үчүн абанын сапатынын улуттук стандарттарына жооп берген абанын сапатынын индексин киргизүү | 2025-2029-жылдар | Абанын сапатынын индекси иштелип чыкты | ССМ, ЖРЭТКМ, ӨКМ, эл аралык жана башка өнөктөштөр | |
7 | Бишкек шаарынын жана башка шаарлардын жана калктуу конуштардын айланасында жашыл тилкени түзүү, жашылдандыруу аянтын көбөйтүү, ирригациялык системаны жакшыртуу, атмосфералык абаны булгоочу бөлүкчөлөрдүн гана эмес, парник газдарынын да чыгуусуна мониторинг жүргүзүү боюнча заманбап лабораторияны түзүү | 2025-2029-жылдар | Бишкек шаарынын жана башка шаарлардын жана калктуу конуштардын айланасында жашыл тилке түзүлдү, жашылдандыруу аянттары көбөйтүлдү, ирригациялык системалар жакшыртылды, атмосфералык абаны булгоочу бөлүкчөлөрдүн жана парник газдарынын чыгуусуна мониторинг жүргүзүү боюнча заманбап лабораториялар түзүлдү | ЖӨБО, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) ЖРЭТКМ, ӨКМ, эл аралык жана башка өнөктөштөр | |
3-глава. Суу ресурстарын сактоо жана сарамжалдуу пайдалануу | |||||
8 | Жаратылыш потенциалын сактоо жана суунун сапатын натыйжалуу башкаруу үчүн суу ресурстарын башкаруунун туруктуу системасын түзүү | Суу объекттерин коргоо, сууларды мамлекеттик эсепке алуу системасын жакшыртуу, жер үстүндөгү жана жер астындагы суулардын абалына мониторинг жүргүзүү системасын реабилитациялоо жана өнүктүрүү | 2025-2029-жылдар | Суу ресурстарын калыптандыруу шарттарын, алардын экономикага, социалдык өнүктүрүүгө жана экосистемага тийгизген таасирин эске алуу менен сууларды кайтаруу күчөтүлдү, Улуттук суу стратегиясы ишке ашырылууда | САЧКӨМ, ӨКМ, УИА, эл аралык жана башка өнөктөштөр |
9 | Суу ресурстарын комплекстүү башкаруу жана сарамжалдуу пайдалануу, ирригациялык курулуш, сууну үнөмдөөчү заманбап технологияларды жана сугат техникасын киргизүү | 2025-2029-жылдар | Суу ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууну камсыздоочу суу ресурстарын башкаруунун туруктуу системасы түзүлдү | САЧКӨМ, УИА, эл аралык жана башка өнөктөштөр | |
10 | Айылдык жана шаардык калктуу конуштардагы калктын коопсуз ичүүчү сууга жеткиликтүүлүгүн жана санитарияны жакшыртуу | 2025-2029-жылдар | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-июнундагы № 330 токтому менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын өнүктүрүү программасы ишке ашырылууда; 2026-2036-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын өнүктүрүүнүн программасы иштелип чыкты жана кабыл алынды | САЧКӨМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), эл аралык жана башка өнөктөштөр | |
11 | Калктуу конуштарда суу бөлүү системаларын модернизациялоо, реконструкциялоо жана куруу | 2025-2029-жылдар | САЧКӨМ, ЖРЭТКМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), эл аралык жана башка өнөктөштөр | ||
12 | Тазалоочу курулмалардан чыгарылып жаткан саркынды сууларга үзгүлтүксүз негизде мониторинг жүргүзүү | 2025-2029-жылдар | Суу ресурстарынын сапатын натыйжалуу башкаруу үчүн мониторинг жүргүзүлүүдө | ЖРЭТКМ, САЧКӨМ, эл аралык жана башка өнөктөштөр | |
4-глава. Жер ресурстарын калыбына келтирүү жана этияттык менен пайдалануу | |||||
13 | Жерлердин абалы жана болуп жаткан процесстер, жер ресурстарынын асылдуулугун сактоо, реабилитациялоо жана калыбына келтирүү жөнүндө санариптик форматта толук жана анык маалыматтардын маалымат базасын киргизүү | Деградациялык процесстерди баалоо менен жерлердин абалына комплекстүү улуттук инвентаризация жүргүзүү, санариптик форматта толук жана анык маалыматтардын маалымат базасын киргизүү | 2025-2029-жылдар | Жерлердин абалы жана болуп жаткан процесстер жөнүндө санариптик форматта толук жана анык маалыматтардын маалымат базасы ишке киргизилди | ЖРКГКА, УИА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), эл аралык жана башка өнөктөштөр |
14 | Айыл чарба багытындагы жерлердин түзүмүн оптималдаштыруу, пайдаланылбаган айыл чарба жерлеринин абалын аныктоо жана баалоо, аларды активдүү айыл чарба жүгүртүүсүнө тартуу | 2025-2029-жылдар | Айыл чарба жерлери сарамжалдуу пайдаланылууда, пайдаланылбаган жерлер айыл чарба продукциясын өндүрүүгө тартылган | САЧКӨМ, УИА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), эл аралык жана башка өнөктөштөр | |
15 | Жер ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, которуштуруп айдоо, ирригация системаларын жана жогорку азыктуу элита сортторун колдонуу менен өсүмдүк өстүрүүчүлүккө илимий негизделген агротехникалык иш-чараларды киргизүү, мал чарбасында - жогорку азыктуу элита породаларын өстүрүү | 2025-2029-жылдар | Агротехникалык чараларды ишке киргизүү программасы түзүлдү, которуштуруп айдоо боюнча изилдөөлөр башталды; адаптацияланган өсүмдүк өстүрүүнү ишке киргизүү кеңейтилди жана жайыт менеджменти өнүктүрүлдү; өсүмдүк өстүрүүдө жана мал чарбасына экологиялык таза технологиялар киргизилди | САЧКӨМ, эл аралык жана башка өнөктөштөр | |
16 | Айдоо жерлеринин асылдуулугун жогорулатуу жана жайыттардын сапатын жакшыртуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү | 2025-2029-жылдар | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-мартындагы № 107-т тескемеси менен бекитилген 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын кыртыштын күрдүүлүгүн жогорулатуу программасы ишке ашырылууда | САЧКӨМ, УИА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), эл аралык жана башка өнөктөштөр | |
5-глава. Биотүрдүүлүктү сактоо жана токой ресурстарын көбөйтүү | |||||
17 | ӨКЖА тармагынын аянтын республиканын жалпы аянтынын 10%ына чейин кеңейтүү жана токой каптаган аянтты көбөйтүү, биотүрдүүлүктү сактоо, идентификациялоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча программаларды кабыл алуу жана ишке ашыруу | Биотүрдүүлүктү сактоону, анын ичинде өзгөртүлгөн тирүү жана генетикалык модификацияланган организмдердин жагымсыз таасиринен коргоону камсыз кылуу үчүн жаратылышты коргоо мыйзамдарын өркүндөтүү; биотүрдүүлүктү сактоонун артыкчылыктарын иштеп чыгуу | 2025-2029-жылдар | Өзгөртүлгөн тирүү жана генетикалык модификацияланган организмдердин жагымсыз таасиринен биотүрдүүлүктү коргоого тиешелүү ченемдер иштелип чыкты жана имплементацияланды. Биотүрдүүлүктү сактоонун артыкчылыктары иштелип чыкты | ЖРЭТКМ, УИА, ӨКМ, РМА, эл аралык жана башка өнөктөштөр |
18 | Жаңы ӨКЖА түзүү жана иштеп жаткан ӨКЖА аянтын кеңейтүү менен ӨКЖА жалпы аянтын республиканын бардык аймагынын 10%ына чейин кеңейтүү жана социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн контекстине интеграцияланган, ар кандай статустагы өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын жана жаратылышты пайдалануунун ар кандай режимдериндеги аймактарды бириктирген система-экологиялык тармакты (ЭКОНЕТ) жаңылоо | 2025-2029-жылдар | Жаңы ӨКЖА, анын ичинде айрым мөңгүлөрдү кошуу менен түзүлдү. Жандуу жаратылыш объекттеринин табигый миграциясын (таралышын) жана биотүрдүүлүктү сактоону камсыз кылуу үчүн өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын бири-бири менен байланыштыруучу экологиялык коридорлор түзүлдү | ЖРЭТКМ, УИА, ӨКМ, РМА, эл аралык жана башка өнөктөштөр | |
19 | Биотүрдүүлүк объекттерин баалоо жана инвентаризациялоо | 2025-2029-жылдар | Биотүрдүүлүктү жана экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрдү экономикалык баалоо методикасы иштелип чыкты жана ӨКЖА ишине киргизилди | ЖРЭТКМ, УИА, РМА, эл аралык жана башка өнөктөштөр | |
II бөлүм. Техносфера артыкчылыктуу багыты | |||||
6-глава. Радиациялык жана химиялык коопсуздукту камсыз кылуу | |||||
20 | Айлана-чөйрөгө терс таасир тийгизүүчү потенциалдуу коркунучу бар объекттердин радиациялык жана химиялык коопсуздугун коргоонун жана камсыз кылуунун технологиялык системасын түзүү, бүткүл жашоо циклинде химиялык заттарды эсепке алууну, баалоону жана башкарууну жакшыртуу | Радиациялык жана химиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдык базаны эл аралык укуктук ченемдер жана стандарттар менен шайкеш келтирүү. Радиациялык жана химиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу | 2025-2029-жылдар | 1) Аз сандар жөнүндө жаңыланган протоколду ратификациялоо; 2) Ядролук же радиациялык авариялык кырдаал учурунда жардам жөнүндө конвенцияга кошулуу; 3) Ядролук авария жөнүндө ыкчам кабарлоо тууралуу конвенцияга кошулуу; 4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасынын аймагында кооптуу калдыктар менен иштөө тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна эскирген пестициддер боюнча толуктоолорду киргизүү тууралуу токтомдун долбоору иштелип чыкты | ЖРЭТКМ, ӨКМ, ССМ, САЧКӨМ, эл аралык жана башка өнөктөштөр |
21 | Бюджеттик жана донордук каражаттардын алкагында радиациялык жана химиялык коопсуздук жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды аналитикалык приборлор менен жабдуу | 2025-2029-жылдар | Радиациялык жана химиялык коопсуздук жаатындагы компетенттүү мамлекеттик органдар зарыл болгон аналитикалык жабдуулар менен жабдылды | ЖРЭТКМ, ӨКМ, ССМ, САЧКӨМ, эл аралык жана башка өнөктөштөр | |
22 | Химиялык, радиациялык жана ядролук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын адистеринин квалификациясын жогорулатуу, химиялык, радиациялык жана ядролук коопсуздук жаатында семинарларды, тренингдерди, окуу курстарын өткөрүү | 2025-2029-жылдар | Компетенттүү мамлекеттик органдардын адистеринин химиялык, радиациялык жана ядролук коопсуздук жаатындагы потенциалы жогорулатылды | ЖРЭТКМ, ӨКМ, ССМ, САЧКӨМ, эл аралык жана башка өнөктөштөр | |
7-глава. Кооптуу калдыктар, өндүрүш жана керектөө калдыктары менен натыйжалуу иштөө | |||||
23 | Аз калдыктуу, ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды, кайра иштетүүнү, кайталап пайдаланууну жана коопсуз утилдештирүүнү киргизүү. Пайда болгон калдыктардын санын минималдаштыруу, аларды жыйноону оптималдаштыруу, жок кылуу (ташуу), алгачкы иштетүү, көмүү жана келечекте өнөр жайлык кайра иштетүү боюнча чаралар каралган керектөө калдыктарын башкаруу стратегиясын иштеп чыгуу | Калдыктарды башкаруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү | 2025-2029-жылдар | Калдыктарды башкаруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук база жаңыланды жана эл аралык укуктук ченемдерге жана стандарттарга шайкеш келтирилди | ЖРЭТКМ, ӨКМ, УИА, эл аралык жана башка өнөктөштөр |
24 | Калдыктардын кадастрын түзүү менен калдыктар жайгаштырылуучу жерлерди инвентаризациялоо | 2025-2029-жылдар | Калдыктардын кадастры түзүлдү жана өркүндөтүлдү | ЖРЭТКМ, ӨКМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), эл аралык жана башка өнөктөштөр | |
25 | Катуу тиричилик таштандыларын төгүүчү жайлардын абалына жана аларды рекультивациялоого мониторинг жүргүзүү жана контролдоо | 2025-2029-жылдар | Катуу тиричилик таштандыларын төгүүчү жайлардын абалына жана аларды рекультивациялоого туруктуу негизде мониторинг жана контролдоо жүргүзүлүп турат | ЖРЭТКМ, ӨКМ, эл аралык жана башка өнөктөштөр | |
26 | Кайра иштетүү тармагынын ишин координациялоо жана контролдоо; ресурстарды үнөмдөөчү жана аз калдыктуу технологияларды тартуу боюнча көмөк көрсөтүү | 2025-2029-жылдар | Өндүрүш жана керектөө калдыктарынын пайдалуу компоненттери максималдуу түрдө алынып, кайра иштетилди. Кайра иштетилген продукцияны алуу менен калдыктар жайгашкан объекттердин терс таасирлери азайтылды | ЖРЭТКМ, ЭКМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), эл аралык жана башка өнөктөштөр | |
27 | Жаратылышты коргоочу, ресурстарды үнөмдөөчү жана аз калдыктуу технологияларды киргизүү үчүн ишканаларга дем берүү механизмдерин иштеп чыгуу | 2025-2029-жылдар | Өндүрүш калдыктарынан келип чыккан тобокелдиктерди жана коркунучтарды минималдаштыруу үчүн аз калдыктуу, ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды, кайра иштетүүнү, кайталап пайдаланууну жана коопсуз утилдештирүүнү киргизүүчү дем берүүлөр иштелип чыкты | ЖРЭТКМ, ЭКМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), эл аралык жана башка өнөктөштөр | |
28 | Катуу тиричилик калдыктарын жоопкерчилик менен керектөө, өзүнчө чогултуу жана тапшыруу маселелери боюнча калктын маалымдуулугун, экологиялык тарбиясын жана маданиятын жогорулатуу | 2025-2029-жылдар | Катуу тиричилик калдыктарын жоопкерчилик менен керектөө, өзүнчө чогултуу жана тапшыруу маселелери боюнча калктын маданияты жогорулатылды | ЖРЭТКМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), эл аралык жана башка өнөктөштөр | |
8-глава. Табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу | |||||
29 | Калктын жана аймактардын өзгөчө кырдаалдардан корголушунун деңгээлин жогорулатуу | Ар кандай мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу | 2025-2029-жылдар | Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүүнүн жана болжолдоонун комплекстүү системасынын функциялык мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилди | ӨКМ, ЖРЭТКМ, эл аралык жана башка өнөктөштөр |
30 | Кырсык тобокелдиктерин азайтуу боюнча чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн геомаалыматтык системаларга жана жерге аралыктан байкоо жүргүзүү маалыматтарына негизделген заманбап технологияларды эске алуу менен кырсык тобокелдиктерин баалоо жана Жарандык коргонуу жаатында илимий-изилдөө иштерин баалоо | 2025-2029-жылдар | Болжолдуу маалыматтарды өркүндөтүү үчүн кооптуу табигый процесстер жана кубулуштар боюнча маалыматтар банкы түзүлдү | ӨКМ, эл аралык жана башка өнөктөштөр | |
31 | Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана коркунучтун деңгээлин, анын ичинде климаттын өзгөрүү шарттарында азайтуу боюнча чараларды ишке ашыруу | 2025-2029-жылдар | Калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо жакшыртылды, айлана-чөйрөнүн абалы жакшыртылды, токой-мелиорациялык иштер жүргүзүлдү. Өзгөчө кырдаалдардын эртелеп кабарлоо системасы киргизилди | ӨКМ, ЖРЭТКМ, эл аралык жана башка өнөктөштөр | |
32 | Социалдык объекттердин жана инфраструктуранын кырсыктарга туруктуулугун жогорулатуу | 2025-2029-жылдар | Коргоочу гидротехникалык курулмалардын туруктуулугу жогорулатылды, калдык сактоочу жайларды коопсуз кармоо, рекультивациялык иштер камсыз кылынды | ӨКМ, ЖРЭТКМ, САЧКӨМ, эл аралык жана башка өнөктөштөр | |
9-глава. Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатында мамлекеттик мониторингди жана контролдоону жүзөгө ашыруучу атайын ыйгарым укуктуу органдардын натыйжалуулугун жана потенциалын жогорулатуу | |||||
33 | Экологиялык мыйзамдарды, жаратылышты пайдалануунун экономикалык механизмдерин, экологиялык мониторингдин, контролдоонун, аудиттин методологияларын, методикаларын жана инструменттерин, сертификациялоо жана уруксат берүү системасын, экологиялык экспертизаны, айлана-чөйрөгө таасир этүүгө баа берүүнү өркүндөтүү жана тартылган мамлекеттик органдардын потенциалын жогорулатуу | Эл аралык мыйзамдар менен шайкеш келтирүүнү жана өнүктүрүүнү караган экологиялык мыйзамдарды өркүндөтүү | 2025-2029-жылдар | Укук колдонуу практикасын жана эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен экологиялык мыйзамдар өркүндөтүлүүдө | ЖРЭТКМ, эл аралык жана башка өнөктөштөр |
34 | Долбоордук чечимдерди экспертизалоодо милдеттүү экологиялык экспертиза жүргүзүү, айлана-чөйрөгө таасир этүүгө баа берүү | 2025-2029-жылдар | Айлана-чөйрөгө тийгизген таасири белгиленген ченемдерде экологиялык-экономикалык баалоолорго негизделген, долбоордук чечимдерди экспертизалоодо милдеттүү экологиялык экспертизалар, айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо жүргүзүлөт | ЖРЭТКМ | |
35 | Айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышты пайдалануу жаатында экологиялык мониторинг жүргүзүүнүн, контролдоонун, аудиттин, сертификациялоонун жана уруксат берүү системасынын методологияларын, методикаларын жана инструменттерин өркүндөтүү | 2025-2029-жылдар | Экологиялык мониторинг жүргүзүүнүн, контролдоонун, аудиттин, сертификациялоонун жана уруксат берүү системасынын методологиясы, методикасы жана инструменттери өркүндөтүлүүдө | ЖРЭТКМ, эл аралык жана башка өнөктөштөр | |
36 | Экологиялык мониторинг жүргүзүүнү жана контролдоону жүзөгө ашыруучу мамлекеттик түзүмдөрдү айлана-чөйрөнүн булгануу деңгээлин аналитикалык контролдоонун заманбап каражаттары, табигый компоненттердин абалынын параметрлерин көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берүүчү адистештирилген жабдуулар жана программалык камсыздоо менен техникалык жактан камсыз кылуу | 2025-2029-жылдар | Экологиялык мониторинг жүргүзүүнү жана контролдоону жүзөгө ашыруучу мамлекеттик түзүмдөр айлана-чөйрөнүн булгануу деңгээлин аналитикалык контролдоонун заманбап каражаттары, жаратылыш ресурстарынын абалынын параметрлерин көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берүүчү адистештирилген жабдуулар жана программалык камсыздоо менен камсыз болушту | ЖРЭТКМ, ӨКМ, эл аралык жана башка өнөктөштөр | |
37 | Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын адистеринин квалификациясын жогорулатуу | 2025-2029-жылдар | Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын адистери тажрыйба алмашуудан, окутуудан жана курстардан өтүүдө | ЖРЭТКМ, эл аралык жана башка өнөктөштөр | |
III бөлүм. Интеллектуалдык чөйрө артыкчылыктуу багыты | |||||
10-глава. Илим жана туруктуу өнүктүрүү үчүн үзгүлтүксүз билим берүү | |||||
38 | Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, экосистемаларды экономикалык баалоону жана экологиялык сыйымдуулугун аныктоо, биотүрдүүлүктү сактоо, экологиялык таза жана ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды иштеп чыгуу, нөлдүк цикл өндүрүшү жаатындагы көйгөйлөрдү изилдөө жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү; экологиялык коопсуздук боюнча жаңы жалпы билим берүү жана атайын окуу пландарын жана программаларын киргизүү жана колдонуудагыларын жакшыртуу | Климаттын өзгөрүшүнө карата жаратылыш системаларынын жана экономикалык секторлордун аялуулугун илимий изилдөө, климаттын өзгөрүшүндө митигация жана адаптация мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө, биотүрдүүлүктү сактоо маселелерин изилдөө | 2025-2029-жылдар | Климаттын өзгөрүшүнөн улам жай өнүгүп жаткан коркунучтарды жана коркунучтарды эске алуу менен токой секторун өнүктүрүү жана биотүрдүүлүктү сактоо боюнча илимий негизделген саясат түзүлдү | ЖРЭТКМ, УИА, ӨКМ, эл аралык жана башка өнөктөштөр |
39 | Экологиялык тобокелдиктерди азайтуу жана экологиялык артыкчылыктарды экономикалык баалоо боюнча илимий изилдөөлөр, айлана-чөйрөнүн абалынын өзгөрүүсүнүн калктын ден соолугуна тийгизген таасирин изилдөө, тирүү организмдердин бөтөн жана генетикалык өзгөртүлгөн түрлөрүнүн таралышын талдоо жана бул процесстердин терс кесепеттеринин деңгээлин контролдоонун жана азайтуунун тиешелүү методдорун иштеп чыгуу | 2025-2029-жылдар | Климаттын өзгөрүшүн эске алуу менен калктын ден соолугу үчүн жагымдуу айлана-чөйрөнүн туруктуулугун камсыз кылуу, тирүү организмдердин бөтөн жана генетикалык өзгөртүлгөн түрлөрүнүн эң аз таасири менен биотүрдүүлүктү сактоо боюнча илимий негизделген саясат түзүлдү | УИА, ЖРЭТКМ, эл аралык жана башка өнөктөштөр | |
40 | Туруктуу өнүктүрүү үчүн экологиялык билим берүү концепциясын иштеп чыгуу; экологиялык коопсуздук маселелерин өнүктүрүү пландарына, окуу программаларына жана бардык деңгээлдеги бардык окуу жайларынын пландарына интеграциялоо жолу менен үзгүлтүксүз экологиялык билим берүү системасын түзүү | 2025-2029-жылдар | Туруктуу өнүктүрүү үчүн экологиялык билим берүү концепциясы иштелип чыкты жана ишке ашырылууда, экологиялык коопсуздук маселелерин жана туруктуу өнүктүрүү үчүн билим берүүнү өнүктүрүү пландарына, окуу программаларына жана бардык деңгээлдеги бардык окуу жайларынын пландарына интеграциялоо жолу менен үзгүлтүксүз экологиялык билим берүү системасы түзүлдү | БИМ, ЖРЭТКМ, эл аралык жана башка өнөктөштөр | |
41 | Климаттын өзгөрүшү маселелерин окутуунун стратегиялык артыкчылыктарын жаңылоо, милдеттүү жана кошумча билим берүү системасынын бардык деңгээлдери үчүн экология жаатында адистерди даярдоо, кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу | 2025-2029-жылдар | Климаттын өзгөрүшү боюнча окутуунун стратегиялык артыкчылыктары жаңыланды; милдеттүү жана кошумча билим берүү системасынын бардык деңгээлдери үчүн экология жаатында адистерди даярдоо, кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу жүзөгө ашырылууда | БИМ, ЖРЭТКМ, эл аралык жана башка өнөктөштөр | |
42 | Туруктуу өнүктүрүү үчүн билим берүү принциптерине негизделген айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу маселелерин тереңирээк түшүнүүгө өбөлгө түзүүчү экологиялык коопсуздук боюнча жаңы жалпы билим берүү жана колдонуудагы атайын окуу пландарын/программаларын киргизүү жана жакшыртуу, ошондой эле туруктуу өнүктүрүү үчүн экологиялык билим берүүнү мамлекеттик колдоо | 2025-2029-жылдар | Экологиялык коопсуздук боюнча жалпы билим берүү жана атайын окуу пландары/программалары жакшыртылды, туруктуу өнүктүрүү үчүн экологиялык билим берүү маселелери билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде интеграцияланды | БИМ, ЖРЭТКМ, эл аралык жана башка өнөктөштөр | |
11-глава. Коомчулуктун экологиялык маанилүү чечимдерди кабыл алууга катышуусу | |||||
43 | Экологиялык маалыматтын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоо, экологиялык маанилүү чечимдерди кабыл алууда коомчулуктун кеңири катышуусу, экологиялык коопсуздукту камсыздоого багытталган иш-чараларды жана долбоорлорду ишке ашыруу боюнча коомчулуктун демилгелерин колдоо | Экологиялык маанилүү чечимдерди кабыл алууда коомчулуктун кеңири катышуусун камсыздоо, бардык деңгээлдеги экологиялык коопсуздук маселелерине тиешелүү, анын ичинде ири инвестициялык долбоорлор боюнча калктын пикирин эске алуу | 2025-2029-жылдар | Саясаттарды, программаларды, пландарды иштеп чыгууда экологиялык маанилүү чечимдерди кабыл алууга коомчулуктун кеңири катышуусу камсыз кылынат, Орхус конвенциясын ишке ашырууда калктын пикири эске алынат | ЖРЭТКМ, РМА, эл аралык жана башка өнөктөштөр |
44 | Пландаштырылган экономикалык иштин жаратылыш ресурстарына потенциалдуу таасирин баалоодо, калк үчүн социалдык-экономикалык мүнөздөгү кесепеттерди изилдөөдө жарандык коомдун институттарынын жана кызыкдар тараптардын потенциалын пайдалануу | 2025-2029-жылдар | Жарандардын экологиялык коопсуздук маселелери боюнча ой-пикирлерин жана сунуштарын чогултуу жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо үчүн онлайн-платформа ишке киргизилди. Экологиялык билим берүү жана экологиялык коопсуздукту камсыздоого багытталган консультацияларды берүү үчүн чат-бот ишке киргизилди жана иштеп жатат. Жарандардын экологиялык коопсуздук жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу үчүн окуу материалдары (брошюралар) иштелип чыкты жана таратылды | ЖРЭТКМ, РМА, эл аралык жана башка өнөктөштөр | |
Кыскартуулар жана аббревиатуралар:
Мамкурулуш | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги |
ЖРКГКА | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик |
УИА | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы |
УСК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети |
САЧКӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
ЖРЭТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ӨКМ | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
ӨКЖА | - | өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары |
РМА | - | райондук мамлекеттик администрациялар |
|
| 3-тиркеме |
2040-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздук концепциясын ишке ашыруу боюнча биринчи этабынын 2025-2029-жылдар мезгилине индикаторлор МАТРИЦАСЫ
№ | Көрсөткүч | Өлчөө бирдиги | Базалык жыл 2024-жыл | Орто аралык индикаторлор | Максаттуу индикаторлор | Жооптуу аткаруучулар | Маалымат булагы | |||
2025-жыл | 2026-жыл | 2027-жыл | 2028-жыл | 2029-жыл | ||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 |
I бөлүм. "Биосфера" артыкчылыктуу багыты | ||||||||||
1-глава. Климаттын өзгөрүшүнө карата митигация жана адаптация | ||||||||||
1 | ТӨМ. 13-максат: Климаттын өзгөрүшүнө жана анын кесепеттерине каршы шашылыш чараларды көрүү. Төмөнкүлөрдү иштеп чыгуу жана ишке ашыруу: - Кыргыз Республикасында көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүү боюнча концепцияны; - Кыргыз Республикасында көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүү боюнча концепцияны ишке ашыруунун биринчи этабынын иш-чаралар планын; - Улуттук адаптациялык планын | ЧУАнын саны | Иштелип чыгууда | Иш жүзүндөгү динамика | Көмүртекти аз өнүктүрүүгө өтүү жаатында Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткаруу камсыз кылынат | ЖРЭТКМ, УИА (макулдашуу боюнча) | ЖРЭТКМ, УСК (макулдашуу боюнча) | |||
2-глава. Атмосфералык абанын булганышын алдын алуу | ||||||||||
2 | ТӨМ. 11-максат: Шаарлардын жана калктуу конуштардын ачыктыгын, коопсуздугун, жашоого туруктуулугун жана экологиялык туруктуулугун камсыз кылуу. Эл аралык талаптарга жооп берген абага чыгарууларды эсепке алуу, инвентаризациялоо жана отчеттуулук, атмосфералык абанын булганышына мониторинг жүргүзүү системасын жакшыртуу | ЧУАнын саны | Иштелип чыгууда | Иш жүзүндөгү динамика | Абага чыгарууларды эсепке алуу, инвентаризациялоо жана отчеттуулук, атмосфералык абанын булганышына мониторинг жүргүзүү системалары эл аралык талаптарга жооп берет | ЖРЭТКМ, ӨКМ | ЖРЭТКМ, ӨКМ, УСК (макулдашуу боюнча) | |||
3-глава. Суу ресурстарын сактоо жана сарамжалдуу пайдалануу | ||||||||||
3 | ТӨМ. 6-максат: Бардыгы үчүн суу ресурстарынын болушун, сарамжалдуу пайдаланууну жана санитарияны камсыз кылуу. Калктуу конуштардагы суу бөлүү системаларын модернизациялоо, реконструкциялоо жана куруу | Тазалоочу курулмалардын саны |
| Иш жүзүндөгү динамика | Калктуу конуштарда суу бөлүү системалары модернизацияланды, реконструкцияланды жана курулду; суу объекттерине агызылуучу саркынды суулардын сапаты жакшыртылды | САЧКӨМ, ЖРЭТКМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | ЖРЭТКМ, УСК (макулдашуу боюнча) | |||
4-глава. Жер ресурстарын калыбына келтирүү жана кылдат пайдалануу | ||||||||||
4 | ТӨМ. 2-максат: Ачарчылыкты жоюу, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана тамактанууну жакшыртуу, айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүүгө көмөктөшүү. Айдоо жерлеринин асылдуулугун жогорулатуу жана жайыттардын сапатын жакшыртуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү | Аянты, га |
| Иш жүзүндөгү динамика | Жер ресурстарын сактоо, реабилитациялоо жана калыбына келтирүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө | САЧКӨМ, УИА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | ЖРЭТКМ | |||
5-глава. Биотүрдүүлүктү сактоо жана токой ресурстарын көбөйтүү | ||||||||||
5 | ТӨМ. 15-максат: Жердин экосистемасын коргоо жана калыбына келтирүү жана аларды сарамжалдуу пайдаланууга, токойду сарамжалдуу пайдаланууга көмөк көрсөтүү, чөлгө айлануусуна каршы күрөшүү, жерлердин деградация процессин токтотуу жана артка кайтаруу, биотүрдүүлүктү жоготуу процессин токтотуу. ӨКЖАнын аянтын республиканын жалпы аймагынын 10%ына чейин кеңейтүү жана өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген ар кандай түрлөрүн коргоону камсыз кылуучу ар кандай категориядагы ӨКЖАларды камтыган экологиялык тармакты түзүү | Республиканын жалпы аймагынан ӨКЖАнын аянтынын %дык көрсөткүчү | 7,38% | Иш жүзүндөгү динамика | Жаңы ӨКЖА, анын ичинде айрым мөңгүлөрдү кошуу менен түзүлдү. Жапайы жаныбарлардын негизги түрлөрүнүн миграциясы жана өсүмдүктөр дүйнөсүн сактоо үчүн жаңы жана буга чейинки ӨКЖА ортосунда экологиялык коридорлор түзүлдү | ЖРЭТКМ, УИА (макулдашуу боюнча), ӨКМ, РМА | ЖРЭТКМ, УИА (макулдашуу боюнча) | |||
II бөлүм. "Техносфера" артыкчылыктуу багыты | ||||||||||
6-глава. Радиациялык жана химиялык коопсуздукту камсыз кылуу | ||||||||||
6 | Радиациялык жана химиялык коопсуздук жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды аналитикалык приборлор менен жабдуу | Жаңы заманбап аналитикалык приборлордун саны | Эскирген | Иш жүзүндөгү динамика | Радиациялык жана химиялык коопсуздук жаатындагы компетенттүү мамлекеттик органдар керектүү аналитикалык жабдуулар менен жабдылды | ЖРЭТКМ, ӨКМ, ССМ, САЧКӨМ | ЖРЭТКМ | |||
7-глава. Кооптуу калдыктарды, өндүрүш жана керектөө калдыктарын натыйжалуу башкаруу | ||||||||||
7 | ТӨМ. 11-максат: Шаарлардын жана калктуу конуштардын ачыктыгын, коопсуздугун, жашоого туруктуулугун жана экологиялык туруктуулугун камсыз кылуу. КТК төгүүчү жайлардын абалына жана аларды рекультивациялоого мониторинг жана контроль жүргүзүү | КТК төгүүчү жайлардын саны | 411 | Иш жүзүндөгү динамика | КТК төгүүчү жайлардын абалына жана аларды рекультивациялоого мониторинг жана контроль туруктуу негизде жүргүзүлөт | ЖРЭТКМ, ӨКМ, ССМ, САЧКӨМ | ЖРЭТКМ, ӨКМ | |||
8-глава. Табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу | ||||||||||
8 | ТӨМ. 9-максат: Туруктуу инфраструктураны түзүү, ар тараптуу жана туруктуу индустриялаштырууга жана инновацияларга көмөктөшүү. Социалдык объекттердин жана инфраструктуралардын кырсыктарга туруктуулугун жогорулатуу | Социалдык жана инфраструктуралык объекттердин саны |
| Иш жүзүндөгү динамика | Коргоочу гидротехникалык курулмалардын туруктуулугу жогорулатылды, калдык сактоочу жайларды коопсуз кармоо, рекультивациялык иштер камсыз кылынды | ӨКМ, ЖРЭТКМ, САЧКӨМ | ЖРЭТКМ, ӨКМ | |||
9-глава. Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатында мамлекеттик мониторингди жана контролдоону жүзөгө ашыруучу атайын ыйгарым укуктуу органдардын натыйжалуулугун жана потенциалын жогорулатуу | ||||||||||
9 | Айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышты пайдалануу жаатында экологиялык мониторингдин, контролдоонун, аудиттин, сертификаттоонун жана уруксат берүү системасынын методологияларын, методикаларын жана инструменттерин өркүндөтүү | Экологиялык мониторингдин, контролдоонун, аудиттин, сертификаттоонун жана уруксат берүү системасынын өркүндөтүлгөн методологияларынын, методикаларынын жана инструменттеринин саны |
| Иш жүзүндөгү динамика | Айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышты пайдалануу жаатында экологиялык мониторингдин, контролдоонун, аудиттин, сертификаттоонун жана уруксат берүү системасынын методологиялары, методикалары жана инструменттери өркүндөтүлдү | ЖРЭТКМ, УСК, РМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | ЖРЭТКМ | |||
III бөлүм. "Интеллектуалдык чөйрө" артыкчылыктуу багыты | ||||||||||
10-глава. Туруктуу өнүгүү үчүн илим жана үзгүлтүксүз билим берүү | ||||||||||
10 | ТӨМ. 4-максат: Ар тараптуу жана адилеттүү сапаттуу билим берүүнү камсыз кылуу жана бардыгы үчүн өмүр бою билим алуу мүмкүнчүлүгүн колдоо. Экологиялык коопсуздук боюнча жаңы жалпы билим берүүчү жана атайын окуу пландарын/ программаларын киргизүү жана буга чейинкилерин жакшыртуу | Окуу пландарынын/ программаларынын саны |
| Иш жүзүндөгү динамика | Экологиялык коопсуздук боюнча жаңы жалпы билим берүүчү жана атайын окуу пландары/программалары киргизилди жана буга чейинкилери жакшыртылды | БИМ, ЖРЭТКМ | ЖРЭТКМ | |||
11-глава. Коомчулуктун экологиялык маанилүү чечимдерди кабыл алууга катышуусу | ||||||||||
11 | ТӨМ. 16-максат: Туруктуу өнүгүүнүн кызыкчылыгында тынчтыкты сүйгөн жана ачык коомду курууга көмөктөшүү, бардыгы үчүн сот адилеттигине жетүүнү камсыз кылуу жана бардык деңгээлдерде натыйжалуу, отчет берүүчү жана кеңири катышууга негизделген мекемелерди түзүү. Экологиялык маанилүү чечимдерди кабыл алууда коомчулуктун кеңири катышуусун камсыздоо, калктын экологиялык коопсуздук маселелерине тиешелүү пикирин эске алуу | Калктын активдүү катышуусу менен кабыл алынган чечимдердин саны |
| Иш жүзүндөгү динамика | Саясаттарды, программаларды, пландарды иштеп чыгууда стратегиялык экологиялык баалоо принциптери киргизилди, калктын пикири эске алынды | ЖРЭТКМ, РМА | ЖРЭТКМ | |||
Кыскартуулар жана аббревиатуралар
САЧКӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ЖРЭТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
ӨКМ | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
УИА | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы |
УСК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети |
ЧУА | - | ченемдик укуктук актылар |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
ӨКЖА | - | өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары |
РМА | - | райондук мамлекеттик администрациялар |
КТК | - | катуу тиричилик калдыктары |
ТӨМ | - | туруктуу өнүгүү максаттары |