Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 149 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү маселелерин кароо тартиби жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Административдик-аймактык түзүлүш жана географиялык аталыштар маселелерин кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын иши жөнүндө жобо
1-глава Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү маселелерин кароо тартиби жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Административдик-аймактык түзүлүш жана географиялык аталыштар маселелерин кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын иши жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү маселелерин кароо, административдик-аймактык жана аймактык бирдиктерди жана калктуу конуштарды түзүү, жоюу, эсепке алуу жана каттоо, алардын чектерин белгилөө жана өзгөртүү тартибин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Административдик-аймактык түзүлүш жана географиялык аталыштар маселелерин кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын (мындан ары - Ведомстволор аралык комиссия) ишин аныктайт.
2. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.
2-глава. Административдик-аймактык түзүлүш маселелерин кароо тартиби
3. Административдик-аймактык түзүлүш маселелерин изилдөө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- тиешелүү аймактагы айылдардын жашоочуларынын чогулушунда административдик-аймактык түзүлүш маселелерин кароону жана жергиликтүү коомдоштуктун кабыл алган чечимдерин протоколдук тариздөөнү;
- тиешелүү жергиликтүү кеңештин сессиясында жергиликтүү кеңештин токтомун кабыл алуу менен жергиликтүү коомдоштуктун кабыл алынган чечимин кароону.
Маселе жергиликтүү кеңештин сессиясында каралганга чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан өзгөртүлүүчү аймактын өлчөмдөрү, өзгөртүлүүчү аймактын административдик борбору, өзгөртүлүүчү аймакты атоо же кайра атоо, калктын саны жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле социалдык-маданий объекттер, ишканалар жана мекемелер жөнүндө маалыматтарды камтыган зарыл документтердин тизмеги даярдалат;
- жергиликтүү кеңештин чечими жогоруда аталган документтер менен бирге жергиликтүү мамлекеттик администрацияда каралат.
Жактырылган учурда бул маселе боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациянын чечими бардык документтер жана материалдар менен бирге Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын кароосуна киргизилет.
Ошондой эле аймактын схемалык картасы даярдалат, ага аймактарды кабыл алуучу жана өткөрүп берүүчү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдарынын жетекчилери кол коёт, алардын колдору мөөр менен күбөлөндүрүлөт;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациянын чечими Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан каралат, жактырылган учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн чечими жана документтердин топтому Ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна киргизилет;
- Ведомстволор аралык комиссия берилген документтерди изилдегенден кийин тиешелүү корутунду чыгарат жана илимий экспертизанын актысын, өзгөртүп түзүүлөрдүн жана кайра атоолордун экономикалык эсебин даярдайт;
- Ведомстволор аралык комиссиянын корутундусунун негизинде тиешелүү мыйзамдын долбоору иштелип чыгат жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизилет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы мыйзамдын долбоорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизет.
3-глава. Ведомстволор аралык комиссиянын ишинин тартиби
4. Ведомстволор аралык комиссия административдик-аймактык түзүлүш жана географиялык аталыштар маселелерин кароо боюнча туруктуу иштөөчү орган болуп саналат.
5. Ведомстволор аралык комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу", "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарын жана мыйзам актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
6. Ведомстволор аралык комиссиянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- административдик-аймактык түзүлүш, административдик-аймактык бирдиктерди, калктуу конуштарды жана географиялык аталыштарды атоо жана кайра атоо маселелери боюнча документтерди жана материалдарды кароо;
- административдик-аймактык түзүлүш, административдик-аймактык бирдиктерди, калктуу конуштарды жана географиялык аталыштарды атоо жана кайра атоо маселелери боюнча корутундуларды даярдоо;
- жүргүзүлүүчү кайра түзүүлөр, атоолор жана кайра атоолор маселелери боюнча илимий экспертизанын актыларын даярдоо;
- административдик-аймактык түзүлүш маселелери, административдик-аймактык бирдиктерди, калктуу конуштарды жана географиялык аталыштарды атоо жана кайра атоо маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо.
7. Ведомстволор аралык комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, мекемелерден жана уюмдардан, кызмат адамдарынан өз ишине зарыл болгон документтерди жана материалдарды суроого;
- уюмдардын, мекемелердин өкүлдөрүнүн жана адистердин катышуусу менен эксперттик жана жумушчу топторду түзүүгө;
- мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү, географиялык аталыштар, административдик-аймактык жана аймактык бирдиктерди, ошондой эле калктуу конуштарды атоо жана кайра атоо боюнча сунуштарды киргизүүгө.
8. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруу.
Ведомстволор аралык комиссиянын курамы жана саны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилет. Ведомстволор аралык комиссияны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын аймактык өнүктүрүү жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү маселелерин тейлеген биринчи орун басары жетектейт.
Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын бир орун басары болот, ал төрага жок учурда аны алмаштырат.
Ведомстволор аралык комиссиянын жыйналыштары туруктуу негизде өткөрүлөт жана аларга анын мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмеси катышса анык болуп саналат.
Ведомстволор аралык комиссиянын чечими Ведомстволор аралык комиссиянын жыйналышка катышкан мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат, протокол менен таризделет, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы кол коет, добуштар тең болгон учурда төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп эсептелет.
9. Ведомстволор аралык комиссиянын жумушчу органы болуп мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган саналат, анын милдетине Ведомстволор аралык комиссиянын жыйналыштарына зарыл болгон документтерди жана материалдарды даярдоо, маалыматтык-аналитикалык материалдар менен камсыздоо, берилген материалдарды иштеп чыгуу жана жалпылоо, тариздөө жана контролдоо, административдик-аймактык түзүлүш маселелери жана географиялык аталыштар боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо кирет.