Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 149 токтомуна) |
Кыргыз Республикасында географиялык объекттерди атоо, кайра атоо, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо тартиби жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, кайра атоо, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруунун негизги талаптарын, ченемдерин жана эрежелерин аныктайт.
2. Ушул Жобо төмөнкүлөрдүн тартибин регламенттейт:
- географиялык объекттердин атоолору жаатындагы маселелерди чечүү;
- географиялык объекттерди атоолорду жана аларды кайра атоолорду белгилөө, географиялык объекттердин атоолору жаатындагы бирдиктүү ченемдерди жана эрежелерди аныктоо;
- географиялык объекттердин атоолорун эсепке алуу жана каттоо;
- географиялык объекттердин атоолорун ченемге келтирүү жана колдонуу;
- географиялык объекттердин атоолору жаатындагы иштерди каржылоо.
3. Ушул Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
- географиялык объекттердин атоолору - географиялык объекттерге ыйгарылган жана аларды айырмалоо жана таануу үчүн кызмат кылган географиялык аталыштар;
- географиялык объекттердин атоолорун белгилөө - географиялык объекттердин учурдагы атоолорун аныктоо, географиялык объекттерге атоолорду ыйгаруу жана географиялык объекттерди кайра атоо;
- географиялык объектти атоону ченемге келтирүү - географиялык объекттин эң көп колдонулган атоосун тандоо жана ушул атоо колдонулган тилде жазылышын аныктоо.
4. Кыргыз Республикасынын аймагында төмөнкү географиялык объекттер атоого жана кайра аталууга тийиш: тоо системалары, тоо кыркалары, тоо чокулары, капчыгайлар, мөңгүлөр, түздүктөр, өрөөндөр жана кургактык рельефинин башка элементтери; көлдөр, дарыялар, булуңдар, кысыктар жана башка жер үстүндөгү көлмөлөр; табигый-тарыхый аймактар; суу алдындагы тоо кыркалар, чуңкурлар, ойдуңдар, тайыздыктар жана суу алдындагы рельефтин башка элементтери; пайдалуу кен чыккан жерлер; геоморфологиялык комплекстер; түзүмдүк-геологиялык жана ландшафттык бирдиктер; өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын түркүмдөрүнүн, түрлөрүнүн же башка таксономиялык категорияларынын жайылуу аймактары (ареалдары); облустар, райондор, шаарлар, айыл аймактары жана башка калктуу конуштар, аянттар, проспекттер, көчөлөр, парктар жана башка ушул сыяктуу объекттер.
5. Географиялык объекттерди атоо жана кайра атоо мамлекеттик кызыкчылыктарды, ошондой эле географиялык, тарыхый, улуттук, турмуш-тиричилик жана башка жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жүзөгө ашырылат.
Географиялык объекттерди атоо жана кайра атоо менен байланышкан маселелерди кароодо улуттук идеологияны өнүктүрүү жана чыңдоо маселелери артыкчылыктуу тартипте эске алынат.
2-глава. Географиялык объекттерге атоолорду ыйгаруу
6. Кыргыз Республикасында атоолор төмөнкү объекттерге ыйгарылат:
- жаңы түзүлгөн административдик-аймактык бирдиктерге;
- жаңы калктуу конуштарга;
- аталышы жок физикалык-географиялык объекттерге.
Ыйгарылуучу атоолор географиялык объекттердин жана айлана-чөйрөнүн кыйла мүнөздүү белгилерин чагылдырууга, эки-үч сөздөн ашпаган, туунду сөздөрдү оңой түзүүгө жана топонимиканын талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
7. Кыргыз Республикасында географиялык объекттерди кайра атоого төмөнкүдөй учурларда жол берилет:
- эгерде бир нече ар башка географиялык объекттердин аталыштары бирдей болуп, ал аталыштар чарбалык же башка иште кыйынчылыктарды жаратса;
- айрым объекттерге жоголгон, бирок буга чейин жана азыркы учурда кеңири белгилүү болгон аталыштарды кайтарып берүү максатында.
Географиялык объекттердин жоголгон аталыштары расмий картографиялык, маалымдама басылмалары жана башка булактар боюнча жергиликтүү калкты, географтарды жана башка адистерди сурамжылоо жолу менен аныкталат.
8. Физикалык-географиялык объекттерди, административдик-аймактык бирдиктерди, башка калктуу конуштарды атоо жана кайра атоо Кыргыз Республикасынын мыйзамын кабыл алуу жолу менен жүзөгө ашырылат.
Чек ара тилкесинде жайгашкан физикалык-географиялык объекттерди атоо жана кайра атоо өзгөчө учурларда гана жүргүзүлөт жана тышкы саясат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, чек ара маселеси боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылууга тийиш.
Административдик-аймактык бирдиктерди жана калктуу конуштарды атоо жана кайра атоо менен байланышкан маселелерди кароодо административдик-аймактык бирдиктерди жана калктуу конуштарды атоо жана кайра атоо олуттуу чыгымдарды талап кыларын, байланыш, транспорт ишканаларынын ишинде кыйынчылыктарды жаратарын, жергиликтүү калкка ыңгайсыздыктарды алып келерин, ошондой эле кээде этностук топтордун жана уруулар ортосундагы чыр-чатактуу кырдаалдарга алып келээрин эске алуу менен аларды терең жана ар тараптуу изилдөө зарыл.
9. Ушул пунктта аныкталган критерийлерге ылайык административдик-аймактык бирдиктерге, калктуу конуштарга жана аталышы жок географиялык объекттерге географиялык объекттерди ачууга, изилдөөгө, өздөштүрүүгө же негиздөөгө түздөн-түз катышкан адамдардын аттары, ошондой эле көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин, илимдин, маданияттын өкүлдөрүнүн жана мамлекет алдында өзгөчө эмгек сиңирген тарыхый инсандардын аттары ыйгарылышы мүмкүн. Аларга төмөнкүлөр кирет:
- географиялык объекттерди ачууга, изилдөөгө жана өздөштүрүүгө түздөн-түз катышкан, эл аралык жана мамлекеттик деңгээлде таанылган, ошондой эле өзүнүн экономикалык жана илимий жетишкендиктери менен мамлекеттин жана коомдун өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон адамдар;
- жогорку мамлекеттик кызмат орундарын жана республикалык деңгээлдеги мамлекеттик органдардын жетекчилери кызмат орундарын ээлеген, кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүүгө, калыптандырууга жана өнүктүрүүгө түздөн-түз салым кошкон, элдин бакубатчылыгынын деңгээлин жогорулатууга жана коомду өнүктүрүүгө багытталган максаттарды иш жүзүндө ишке ашырган адамдар;
- калктын жашоосун жакшыртууну өнүктүрүү багытындагы процесске, тынчтыкты сактоого салым кошкон тарыхый инсандар, коомдук ишмерлер;
- илимий ачылыштары дүйнөлүк, эл аралык, мамлекеттик масштабдагы илимий коомчулук тарабынан ири илимий ачылыш деп таанылган, анын практикада колдонулушу коомду жана мамлекетти өнүктүрүүгө, ошондой эле улуттун өз аң-сезимин өнүктүрүүгө, адамдын коомдогу өзүнүн ролун билүүсүнө өбөлгө түзгөн окумуштуулар;
- дүйнөлүк маданиятта, кыргыз элинин маданиятында жогорку баалуулукту чагылдырган өзүнүн чыгармалары жана аткарган ролдору аркылуу дүйнөлүк жана эл аралык коомчулук тарабынан таанылган маданият өкүлдөрү;
- өмүргө коркунуч туудурган кырдаалдарда аскердик, кызматтык же жарандык парзын аткарып, жан аябаган эрдикти, туруктуулукту көрсөткөн адамдар;
- "Ак Шумкар" өзгөчө белгисин тапшыруу менен "Кыргыз Республикасынын Баатыры" жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган, Советтер Союзунун Баатыры, Социалисттик Эмгектин Баатыры наамдарына ээ болгон, үч даражадагы "Манас" ордени, Ленин, үч даражадагы Даңк, үч даражадагы Эмгек Даңкы (СССР) ордендери менен сыйланган адамдар;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктарынын лауреаттары, СССРдин Ленин жана Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаттары.
10. Административдик-аймактык бирдиктердин жана калктуу конуштардын, ошондой эле аталышы жок географиялык объекттердин сунушталган атоолорунун же кайра атоолорунун ушул Жобонун 9-пунктунда белгиленген жогоруда аталган критерийлерге ылайык келиши Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корутундусунун жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Кыргыз Республикасынын ономастикалык комиссиясынын сунуштарынын негизинде, ошондой эле тиешелүү чөйрөлөрдөгү илимий-коомдук уюмдардын жана көз карандысыз эксперттердин пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу административдик-аймактык түзүлүш маселелерин жана географиялык аталыштарды кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиясы (мындан ары - Ведомстволор аралык комиссия) тарабынан каралып, жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине тиешелүү сунуш киргизилет.
Географиялык объекттерди атоо же кайра атоодо бир административдик-аймактык бирдиктин чегинде жайгашкан бир нече объекттерге бир эле атоону ыйгарууга тыюу салынат.
11. Административдик-аймактык бирдиктерди, калктуу конуштарды, физикалык-географиялык объекттерди атоо жана кайра атоо жөнүндө сунуштар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, юридикалык жана жеке жактары тарабынан киргизилет жана бул объекттер аймагында жайгашкан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жиберилет.
Сунушта төмөнкү негиздөөчү маалыматтар жана географиялык объекттерди атоо жана кайра атоо боюнча чыгымдардын эсеби камтылат:
- объекттин жайгашкан жери;
- тиешелүү административдик борборго, жакынкы темир жол станциясына жана почта бөлүмүнө чейинки аралык;
- атоонун, кайра атоонун же аталышты жоюунун себептери;
- калктын саны жана курулуш планынын болушу (калктуу конуш үчүн).
12. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары жергиликтүү коомчулуктун пикирин аныктайт, зарыл чыгымдар жөнүндө жергиликтүү коомчулукка маалымдайт, андан кийин географиялык объекттерди атоо же кайра атоо жөнүндө келип түшкөн сунушту жергиликтүү кеңештин кароосуна киргизет.
Жергиликтүү кеңеш жергиликтүү коомчулуктун пикирин эске алуу менен объекттерге атоолорду же кайра атоолорду ыйгаруу жөнүндө сунушту колдоо же четке кагуу жөнүндө чечим кабыл алат.
Эгерде чечим менен сунуш колдоого алынса, жергиликтүү кеңештин чечими тиешелүү материалдар менен жергиликтүү мамлекеттик администрацияга жиберилет.
Аталышы жок физикалык-географиялык объекттерге атоолорду ыйгарууга бардык болгон картографиялык, маалымдама материалдарды изилдөө, жергиликтүү тургундарды сурамжылоо жолу менен ушул объекттин атоосу жок экендигин кылдат текшергенден кийин гана уруксат берилет. Ыйгарылуучу атоо объектти айлана-чөйрөдө өзгөчөлөп турган анын табигый өзгөчөлүгүн чагылдырышы керек, эгерде мындай өзгөчөлүгү жок болсо, мурдагы атоону жакын жайгашкан, бирок окшош эмес башка объекттен алууга же которууга жол берилет.
13. 1:100000 жана андан чоңураак масштабдагы карталарга гана биринчи жолу түшүрүлүүчү физикалык-географиялык объекттерге аталыштар Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары менен макулдашуу боюнча топографиялык сүрөткө тартууну аткарган уюмдар тарабынан ыйгарылат, эгерде объект бир нече облустардын аймагында болсо, анда аталышы Ведомстволор аралык комиссия менен макулдашылууга тийиш.
1:100000 жана андан чоңураак масштабдагы топографиялык сүрөткө тартууну аткарган бардык уюмдар ыйгарылган атоолор жана кайра атоолор жөнүндө маалыматты жер ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберүүгө милдеттүү.
14. Жергиликтүү мамлекеттик администрация жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдарынын негизинде чечим кабыл алат.
Сунуш колдоого алынган шартта, чечим тиешелүү материалдар менен Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жиберилет.
15. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдарынын негизинде чечим кабыл алат. Сунуш жактырылган учурда чечим тиешелүү материалдар менен Ведомстволор аралык комиссияга жиберилет.
16. Сунуш Ведомстволор аралык комиссия тарабынан жактырылгандан кийин тиешелүү мыйзамдын долбоору иштелип чыгат жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизилет.
17. Мыйзамдын долбоору Ведомстволор аралык комиссиянын сунушун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жактырган шартта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилет.
18. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары аталган объекттерди атоо жана кайра атоо жөнүндө сунуштарды ар тараптуу изилдейт, бул максаттарга чыгымдарды эсептейт, каржылоо булактарын аныктайт жана жергиликтүү коомдоштуктун пикирин эске алуу менен жергиликтүү кеңешке сунуш киргизет.
19. Проспекттерди, аллеяларды, аянттарды, парктарды, бульварларды жана көчөлөрдү атоо жана кайра атоо жергиликтүү коомдоштуктун пикирин эске алуу менен кабыл алынуучу жергиликтүү кеңештердин чечими менен жүзөгө ашырылат.
3-глава. Географиялык объекттердин аталыштарын эсепке алуу жана каттоо
20. Физикалык-географиялык объекттердин учурдагы жана ыйгарылуучу аталыштары милдеттүү түрдө катталууга жана эсепке алынууга тийиш. Кыргыз Республикасынын физикалык-географиялык объекттеринин аталыштарын эсепке алуу жана каттоо жер ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан географиялык аталыштардын электрондук банкын жүргүзүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
21. Өзүнө бекитилген аймагы жана анда туруктуу жашаган калкы бар административдик-аймактык бирдиктер жана калктуу конуштар эсепке алынууга жана катталууга тийиш.
Административдик-аймактык бирдиктерди жана калктуу конуштарды эсепке алуу жана каттоо, ошондой эле аларды эсептик маалыматтардан чыгаруу ушул Жобонун тиркемесинде камтылган документтердин үлгүлөрүнүн негизинде мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
22. Аймагында калк жашабаган административдик-аймактык жана аймактык бирдиктер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун негизинде, ал эми шаарлардын жана айылдардын курамына кирген калктуу конуштар - мыйзамдын негизинде эсептен чыгарылат.
4-глава. Географиялык объекттердин аталыштарын ченемге келтирүү жана колдонуу
23. Географиялык объекттердин аталыштарын ченемге келтирүү жана колдонуу географиялык объекттердин аталыштарын колдонуунун эрежелерине жана салттарына ылайык мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүлөт.
Документтерде, картографиялык же башка басылмаларда географиялык объекттердин мамлекеттик тилде ченемге келтирилген аталыштары колдонулат.
24. Физикалык-географиялык объекттердин аталыштарынын бирдиктүү транскрипциясы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен географиялык аталыштардын транскрипциясы жөнүндө нускамалар, эрежелер жана географиялык аталыштардын сөздүктөрү, маалымдамалары менен камсыз кылынат, Кыргыз Республикасынын аймагында колдонуу үчүн милдеттүү болуп саналат.
5-глава. Географиялык объекттерди атоо жана өзгөртүп атоо жаатындагы иштерди каржылоо
25. Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоого жана өзгөртүп атоого чыгымдар объект жайгашкан аймактагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен демилгелөөчү тараптын ортосунда түзүлүүчү эки тараптуу келишимдин негизинде бардык чыгымдарды көрсөтүү менен демилгелөөчү тараптын эсебинен же жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.
6-глава. Корутунду
26. Административдик-аймактык бирдиктерге, калктуу конуштарга жана физикалык-географиялык объекттерге аталыштарды ушул Жобону бузуу менен ыйгаруу жана кайра атоо жараксыз деп таанылат.
|
| Кыргыз Республикасында географиялык объекттерди атоо, кайра атоо, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо тартиби жөнүндө жобого тиркеме |
Катталган административдик-аймактык жана аймактык бирдиктердин ТИЗМЕСИ
№ | Административдик-аймактык жана аймактык бирдиктердин аталышы | Административдик- аймактык бирдиктердин административдик борбору |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Эскертүү. Административдик-аймактык жана аймактык бирдиктердин аталыштарын каттоо төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
1) республикалык маанидеги шаардын аталышы;
2) облустун аталышы;
- облустук маанидеги шаардын аталышы;
3) райондун аталышы:
- райондук маанидеги шаардын аталышы;
4) айыл аймагынын аталышы:
- айыл аймагында жайгашкан айылдын аталышы.