Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КАРА-СУУ АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 14-октябрындагы № 2
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кара-Суу айылдык кеңешинин бюджет, финансы, инвестиция, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Алымкуловдун күн тартибиндеги каралуучу маселе боюнча корутундусун угуп, талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн чыгаша бөлүгүндөгү “Таза суу долбоорунун документтерин жасатууга” бөлүнгөн 150,2, “Жар-Баскан суу насосунун каналынын башын бекемдөөгө” 30,0 сом, “Кара-Суу айыл өкмөтүнүн чек араларын тактоого 20,0 жалпы 200,2 (эки жүз миң эки жүз сом) акча каражаты алынып, төмөнкүлөрдү аткарууга бөлүнүп берилсин.
2. Чат-Түрдүк каттам жолун оңдоого кошумча 50,0 сом 70629-бөлүктүн 22211200 беренесине, №58 Э.Четинбаев атындагы орто мектебинин электр чубалгыларын алмаштыруу үчүн 70921-бөлүктүн 22221200 беренесине 20,0 сом, жаңы долбоорлорду даярдоого 70111-бөлүктүн 22154900 беренесине 80,2 сом, Кызыл-Көл айылындагы китепканага кошумча 70821-бөлүктүн 22221200 беренесинен 50,0 (элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Кара-Суу айылдык кеңешинин ушул токтому, Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу айыл өкмөтүнүн kara-suu.gos.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин бюджет, финансы, инвестиция, муниципалдык менчиктерди кароо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А. Алымкуловго жүктөлсүн.
Кара-Суу айылдык кеңештин төрагасы: |
| У.Жунусалиев |