Редакцияот 10.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Н. ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Н. Исанов атындагы айылдык Кеңешинин №8-чакырылышынын

кезексиз 10-отуруму (сессиясы)

 

2024-жылдын 10-майы № 10-1

“Юг Сто” жоопкерчилиги чектелген коомунун Кичик-Алай айылынын “Зак Кашка-Суу” бөлүмчөсүнүн оң жак тарабынан көмүр кенин казып алууга, отвалга жер тилкесин берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин “Айыл чарба жерге жайгаштыруу жана экология” боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 29-апрелиндеги №8 протоколуна ылайык, Ош облусунун жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 2024-жылдын 16-апрелиндеги №-771 сандуу корутундусуна, Маданият министрлигинин 7-майдагы №04-6/4258 чыгуу катына, Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл Министрлигинин 2023-жылдын 31-июлундагы №7363 СЕ лицензиясына негиз, “Зак Кашка-Суу” участкасынын оң жак тарабында жайгашкан жайыт эсебиндеги 29,0 га жер тилкесинен 22,33 га жер тилкесине көмүр кен казууга, 6,67 га жер тилкесин отвалга берүүгө макулдук берүү үчүн айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап, Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1. Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин “Айыл чарба жерге жайгаштыруу жана экология” боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 29-апрелиндеги №8- протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл Министрлигинин 2023-жылдын 31-июлундагы №7363 СЕ лицензиясына негиз, Кашка-Суу участкасындагы жайгашкан жайыт эсебиндеги Зак Кашка-Суу” участкасынын оң жак тарабында жайгашкан жайыт эсебиндеги 29,0 га жер тилкесинен 22,33 га жер тилкесине көмүр кен казууга, 6,67 га жер тилкесин отвалга берүү үчүн КР нын “Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү маселелелери жөнүндө” 2017-жылдын 15-декабрындагы №810 Мыйзамынын , “2018-жылдын 19-майдагы “Жер казынасы” Мыйзамына ылайык, келишимдин негизинде мөөнөттүү берүүгө макулдук берилсин.

2. “Юг Сто” жоопкерчилиги чектелген коомунун көмүр кенин казып алууга берилген жер тилкесиине тиешелүү иш кагаздарын тактап, мыйзам чегинде иш алып баруу айыл өкмөтүнө жана жайыт комитетинин төрагасы М.Ташиевге милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин айыл чарба жана жерге жайгаштыруу, экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Жолдошов