Загрузка документа…
|
| 3-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 149 токтомуна) |
Мамлекеттик маанидеги объекттерди атоо жана кайра атоо тартиби жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Мамлекеттик маанидеги объекттерди атоо жана кайра атоо тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) темир жол станцияларын, жүргүнчүлөр токтоочу пункттарды жана аэропортторду, почта-телеграф байланыш ишканаларын, өнөр жай ишканаларын, мекемелерин, мамлекеттик менчик формасындагы билим берүү мекемелерин жана мамлекеттик маанидеги башка объекттерди атоо жана кайра атоо тартибин аныктайт.
2-глава. Мамлекеттик маанидеги объекттерге атоолорду ыйгаруу
2. Мамлекеттик маанидеги объекттерге атоолор Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мындай объекттер түзүлүп жаткан учурда ыйгарылат.
3. Чет өлкөлүк коомдор менен түзүлгөн биргелешкен ишканалардын атоолорун кошпогондо, мамлекеттик маанидеги объекттерге атоолор мамлекеттик тилде ыйгарылат. Атоолор жөнөкөй, көп сөздүү болбой, топонимиканын талаптарына шайкеш келиши керек.
4. Мамлекеттик маанидеги объекттердин атоолорун тарыхый окуялардын, мамлекеттик жана коомдук уюмдардын урматына ыйгарууга, ошондой эле өзгөчө көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлердин, илим жана маданият ишмерлеринин, башка эмгеги сиңген адамдардын аттарын берүүгө болот. Өзгөчө көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлердин, илим жана маданият ишмерлеринин, башка эмгеги сиңген адамдардын аттары өзгөчө учурларда алардын атын эстеликке калтыруу максатында дүйнөдөн кайткандан кийин ыйгарылат. Көрсөтүлгөн атоолорду ыйгаруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы менен макулдашуу боюнча ушул Жобонун 3-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүргүзүлөт.
5. Мамлекеттик маанидеги объекттерди атоо жана кайра атоо тууралуу өтүнүчтөр жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар тарабынан демилгелениши мүмкүн.
Атоо жана кайра атоо тууралуу өтүнүчтөр төмөнкүлөргө жиберилет:
- темир жол станцияларына, жүргүнчүлөр токтоочу пункттар жана аэропортторго карата - транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
- мамлекеттик ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга жана мамлекеттик маанидеги башка объекттерге карата - ушул объекттер карамагында турган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдери боюнча орнотулуучу монументтерге, обелисктерге жана монумент искусствосунун башка чыгармаларына карата - маданият, маалымат жана жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга.
6. Өнөр жай ишканаларынын, долбоорлоо, илимий-изилдөө мекемелеринин, мамлекеттик менчик формасындагы билим берүү мекемелеринин жана башка уюмдардын атоолору алардын жайгашкан жерин, ишинин түрүн, ведомстволук караштуулугун чагылдырууга тийиш. Ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга шарттуу атоолорду ыйгарууга болот. Мамлекеттик маанидеги ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын атоолору Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен, эгерде объект бир нече областтын аймагында жайгашса - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы менен макулдашылууга тийиш.
Бир мамлекеттик органдын башка ишканаларына, мекемелерине, уюмдарына жана башка объекттерине мурда берилген атоолорду ыйгарууга жол берилбейт.
7. Темир жол станцияларына, жүргүнчүлөр токтоочу пункттарга жана аэропортторго эреже катары ошол транспорт объекттери жайгашкан калктуу конуштардын аталышы ыйгарылат, мында бир эле жерде жайгашкан темир жол жана аба транспорт объекттерине бирдей аталыштар ыйгарылат.
Жогоруда аталган объекттерди атоо Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен, ал эми көрсөтүлгөн объекттерге ыйгарылып жаткан атоо калктуу конуштардын аталыштарына шайкеш келбесе, же болбосо бул объекттер калктуу конуштардан тышкары жактарда жайгашса, алар Ведомстволор аралык комиссия менен да макулдашылат. Транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүнчү поезддерине аталыштарды ыйгара алат.
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча орнотулуучу монументтерге, обелисктерге жана монумент искусствосунун башка чыгармаларына аталыштарды ыйгаруу, ошондой эле алардын беттериндеги жазуулардын тексттерин бекитүү маданият, маалымат жана жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
9. Почта-телеграф байланыш ишканаларына аталган ишканалар жайгашкан калктуу конуштардын атоолору ыйгарылат.
3-глава. Мамлекеттик маанидеги объекттерди кайра атоо
10. Мамлекеттик маанидеги объекттерди кайра атоо тиешелүү объекттердин аталышы үчүн ушул Жободо белгиленген эрежелер боюнча жүргүзүлөт. Мамлекеттик маанидеги объекттер кайра түзүлгөндүгүнө, башка жерге которуп жайгаштырылгандыгына, ишинин предмети же ведомстволук караштуулугу өзгөргөндүгүнө байланыштуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча кайра атоого жол берилет. Ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын ведомстволук караштуулугу өзгөргөндүгүнө гана байланыштуу кайра атоодо же объекттер жайгашкан калктуу конуштардын аталышы өзгөргөндө ушул Жобонун 4 жана 6-пункттарында каралган макулдашуу талап кылынбайт.
11. Темир жол станцияларын, жүргүнчүлөр токтоочу пункттарды жана аэропортторду кайра атоого Кыргыз Республикасынын Президентинин же Министрлер Кабинетинин чечими боюнча аталыштары көрсөтүлгөн объекттерге ыйгарылган калктуу конуштар кайра аталган учурда жол берилет. Калктуу конуштардын аталыштары өзгөртүлгөндүгүнө байланыштуу көрсөтүлгөн транспорт объекттерин кайра атоодо ушул Жобонун 7-пунктунда каралган макулдашуу талап кылынбайт.
12. Мамлекеттик маанидеги объекттердин аталыштарынын транскрипциясын тактоо карамагында ошол объекттер турган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүргүзүлөт. Мамлекеттик маанидеги объекттерди атоо жана кайра атоо калктуу конуштардын кабыл алынып жаткан аталыштарынын белгиленген транскрипциясы менен жүргүзүлөт.
4-глава. Мамлекеттик маанидеги объекттерди атоо, кайра атоо жана транскрипциясын тактоону эсепке алуу жана расмий жарыялоо
13. Мамлекеттик маанидеги объекттердин аталыштарын эсепке алуу ошол объекттер карамагында турган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча орнотулуучу монументтердин, обелисктердин жана монумент искусствосунун башка чыгармаларынын тизмеси маданият, маалымат жана жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлөт.
14. Темир жол станцияларын, жүргүнчүлөр токтоочу пункттарды жана аэропортторду атоо, кайра атоо жана транскрипциясын тактоо тууралуу расмий жарыялоо транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.