Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 10-майы № 10-2
Н. Исанов айыл аймагынын аймагындагы « Кырк-Күңгөй» СПАнын менчигиндеги ички ирригациялык курулмалардын жалпы бөлүгүн жана мүлктөрүн муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
«Мүлккө мунуципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-жана 19-беренелерине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34- беренесине, Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 07.02.2024-жылы №52 токтомунун 6-пунктун жетекчилике алып, Кырк-Күңгөй суу пайдалануучулар ассоциясынын мүчөлөрүнүн жалпы жыйынынын ирригациялык курулмаларды жана мүлктөрдү муниципалдык менчикке акысыз берүү жөнүндө чечими жана өтүнүч кайрылуусунун негизинде Н. Исанов айыл өкмөтүнүн башчысы М. Примкуловдун сунуш пикирин угуп Н. Исанов айылдык кеңеши токтом кылат:
1.«Кырк-Күңгөй» суу пайдалануучулар ассоциясынын мүчөлөрүнүн жалпы жыйынынын ирригациялык обьектилерди жана мүлктөрдө муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө өтүнүчү бекитилип берилсин.
2.«Кырк-Күңгөй» суу пайдалануучулар ассоциясынын ирригациялык курулмаларынын жалпы бөлүгү жана мүлктөрү муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.
3.«Кырк-Күңгөй» суу пайдалануучулар ассоциясы менен биргеликте ирригациялык курулмалардын жалпы бөлүгүн жана мүлктөрүн кабыл алуу-өткөрүп берүү актын түзүү жана ирригатциялык курулмаларды жана мүлктөрдү муниципалдык менчик реестрине каттоо айыл өкмөтүнүн башчысы М. Примкуловго тапшырылсын. Тиркеме тиркелет.
4.Ушул токтом облустук Юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин айыл чарба жана жерге жайгаштыруу, экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н. Жолдошов |
| Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги 8-чакырылышындагы 1-отурумунун № 10-2 токтомуна № 1 тиркеме |
Ирригациялык курулмаларды акысыз кабыл алуу-өткөрүп берүү
Актысы
25-март 2024- ж. Жаңы-Базар айылы
Биринчи тарап: «Кырк-Күнгөй» Суу пайдалануучулар ассоциациясынын атынан СПА кенешинин төрагасы Жолдошев А., СПА директору Арапбаев Н., мындан ары “Өткөрүп берүүчү”,
Экинчи тарап: Н.Исанов атындагы айыл өкмөтү, айыл өкмөтүнүн атынан,Н.Исанов айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын муниципалдык менчигине ирригациялык курулмаларды кабыл алуу комиссиянын курамы: Атаканова Н.,Нуралиева С., Ташиев М., Мөнөков М., Нурмаматов Ж. мындан ары “Кабыл алуучу” болуп төмөндөгү маанидеги акт түзөбүз:
№ | Ирригациялык курулмалардын аталышы | Ирригациял.курулмага мүноздөмө, метр. | Техникалык абалы | Жайгашкан орду. | ||
Туурас | Терендиг | узуну | ||||
1 | Нов. Федоров | 2 | 1,0 | 10400 | Канааттандырарлык, Космети-калык оңдоолорду талап кылат | Жар-Коргон айылы |
2 | Ст. Федоров | 3 | 1,1 | 7800 | Авариялык, капиталдык оңдоону талап кылат. | Жар-Коргон айылы |
3 | Кайырма | 2 | 1,1 | 5600 | Канааттандырарлык, Космети-калык оңдоолорду талап кылат | К-Кожоке айылы |
4 | Канжыга | 2 | 1 | 5200 | Капиталдык оңдоону талап кылат. | К-Кожоке айылы |
5 | Дөбө | 2 | 1 | 4900 | Канааттандырарлык, Космети-калык оңдоолорду талап кылат | К-Кожоке айылы |
6
| Ак Жар | 2 | 1,0 | 2800 | Канааттандырарлык, Космети-калык оңдоолорду талап кылат | Кожоке айылы |
7
| Кожоке | 2 | 1,0 | 3300 | Канааттандырарлык, Космети-калык оңдоолорду талап кылат | Кожоке айылы |
8
| Алике
| 1,5 | 1,0 | 5200 | Канааттандырарлык, Космети-калык оңдоолорду талап кылат | Жаңы-Базар |
9 | Жар-Коргон | 1,2 | 1,0 | 2000 | Канааттандырарлык, Космети-калык оңдоолорду талап кылат | Жар--Коргон
|
| Жалпы |
|
| 42700 |
|
|
1.Кырк-Күнгөй Суу пайдалануучулар ассоциациясынын № жалпы жыйынынын чечими, Кырк-Күнгөй СПА кенешинин 14-март 2024ж өтүнүч кайрылуусу,Н.Исанов айылдык Кенешинин №10-2 10-май 2024-жылдагы Токтомун негиз кылып Кырк-Күнгөй СПАсы төмөндөгү ирригация курулмаларын Исанов айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын муниципалдык менчигине акысыз өткөрүп берет.
Кырк-Күнгөй СПА кенешинин төрагасы : А.Жолдошев
Кырк-Күнгөй СПА директору: Н. Арапбаев
Муниципалдык менчикке кабыл алуу
комиссиянын төрагасы : Ж.Нурмаматов
Комиссия катчысы : Н.Атаканова
Комиссия мүчөсү М. Ташиев
Комиссия мүчөсү М.Мөнөков