Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 10-майы № 10-3
Жергиликтүү маанидеги « тиешелүү аймакты экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу» маселесин башкаруу тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын « Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27 жана 34- беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин № 52 токтомунун 6-пунктуна ылайык, Н. Исанов айыл өкмөтүнүн башчысынын дыйкандарды суугат суу менен камсыз кылууга байланыштуу чаралар боюнча сунушун угуп, Н. Исанов айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жергиликтүү маанидеги « тиешелүү аймакты экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу» маселесин башкаруу тартиби ( мындан ары- тартип) дыйкандарды суугат суу менен камсыз кылуу маселелерин 1- тиркемеге ылайык киргизүү менен бекитилсин.
2. Н. Исанов айыл өкмөтүнүн башчысы Примкулов Мирланбек Тартиптин бекитилген функцияларын аткаруу, кызматтарды уюштуруу жана милдеттенмелерди аткаруу бөлүгүнүн ишке ашырылуусун камсыз кылсын.
3. Н. Исанов атындагы айылдык кеңеши ушул токтомду облустук Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин айыл чарба, жерге жайгаштыруу жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Жолдошов |