Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 10-майы № 10-4
Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 токтомдун негизинде ички ирригациялык тутумдарды жана жеке менчик ичүүчү таза суу пайдалануучулар бирикмелерине таандык мүлктү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө
Н. Исанов айыл өкмөтүнүн башчысы М. Примкуловдун Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 7-февралындагы № 52 токтомунун 6-пунктун жетекчилике алып Айылдардагы ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелеринин балансынан жергиликтүү өз алдынча органдарынын балансына өткөрүп берүү жөнүндөгү берген билдирүүсүн айылдык кеңештин депутаттары угуп талкуулап Н. Исанов айылдык кеңеши токтом кылат:
1. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2024-жылдын 07-февралындагы ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелеринин балансынан жергиликтүү өз алдынча органдарынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 7-февралындагы № 52 токтому аткарууга алынсын.
2. Н. Исанов атындагы айыл аймагындагы «МУЗ БУЛАК», «КОШЧАН» «МАМБЕТ» ИСКАКБларын айыл өкмөтүнүн балансына алып муниципалдык ишкана түзүлсүн, иш кагаздарын даярдоо айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. «МУЗ БУЛАК» ичүүчү таза суу ИСКАКБ сынын жеке менчикке өтүп кеткен скважина жана суу кампаны тийиштүү жер тилкелери менен муниципалдык менчикке кайтаруу боюнча иш алып баруу айыл өкмөтүнүн башчысы М. Примкуловго жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин айыл чарба, жерге жайгаштыруу жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Жолдошов |