Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КАРА-СУУ АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 25-ноябрындагы № 1
Атуулдардан түшкөн арыздарды кароо жөнүндө
Кара-Суу айылдык кеңешинин бюджет, финансы, инвестиция, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Алымкуловдун, атуулдардан түшкөн арыздар боюнча корутундусун угуп, талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, “ДМЧА-ЛОВЗ” фонду тарабынан Жалал-Абад шаарында “Бирге көтөргөн жүк жеңил болот” аттуу фестивалга баруучу Кара-Суу айылынын тургуну Малабеков Кумарбек жана Нурманбетов Келсинбекке “калкка социалдык төлөөлөр үчүн” бөлүнгөн каражаттан 5,0 (беш миң) сом бөлүнүп берилсин.
2. Топ-Жангак айылындагы Жаңы-Айыл көчөсүнүн тургуну Г.Базарчиева, кызын больницага жаткыруу үчүн каражат сурап жазган арызы канааттандырылсын.
а) Жаңы-Айыл көчөсүнүн тургуну Базарчиева Гүлайымга “калкка социалдык төлөөлөр үчүн” бөлүнгөн каражаттан 5,0 (беш миң) сом бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин бюджет, финансы, инвестиция, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиянын трагасы А. Алымкуловго жүктөлсүн.
Кара-Суу айылдык кеңештин төрагасы: |
| У.Жунусалиев |