Загрузка документа…
|
| 4-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 149 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын географиялык объекттеринин аталыштарын латын алфавитинин тамгалары менен берүү жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын географиялык объекттеринин аталыштарын латын алфавитинин тамгалары менен берүү жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын географиялык объекттеринин аталыштарын латын алфавитинин тамгалары менен берүү эрежелерин аныктайт.
2. Жобо эл аралык пайдалануу үчүн багытталган документтерди, картографиялык жана башка басылмаларды басып чыгаруучу Кыргыз Республикасынын бардык министрликтери, мамлекеттик комитети, административдик ведомстволору, мекемелери жана уюмдары үчүн милдеттүү болуп саналат.
2-глава. Географиялык объекттердин аталыштарын берүү тартиби
3. Латынча эмес жазмасы бар башка өлкөлөрдүн географиялык объекттеринин аталыштарын латын тамгасы менен берүү бул өлкөлөрдө кабыл алынган, БУУнун Географиялык аталыштарды стандартташтыруу боюнча эл аралык конфедерациясы тарабынан эл аралык пайдалануу үчүн бекитилген жана сунушталган улуттук алфавиттерди латындаштыруу эрежелери боюнча жүргүзүлөт.
4. Кыргыз Республикасынын географиялык объекттеринин аталыштарын латын тамгасы менен берүү мамлекеттик тилден транслитерациялоо аркылуу төмөнкү таблица боюнча жүргүзүлөт:
Кыргыз алфавитинин тамгалары | Тиешелүү латын тамгасы | Мисалдар | Мисалдар |
А а | А а | Авгол | Avgol |
Б б | B b | Абшыр | Abshyr |
В в | V v | Валакиш | Valakish |
Г г | G g | Жаңгарт | Janggart |
Д д | D d | Бедел | Bedel |
Е е | Е е | Бел | Bel |
Ё ё | Yo yo | Коендуу | Koyonduu |
Ж ж | J j | Ажык | Ajyk |
З з | Z z | Азван | Azvan |
И и | I i | Киндик | Kindik |
Й й | Y y | Ийри-Сай | Iiry-Say |
К к | K k | Кайнар | Kaynar |
Л л | L l | Жолборс | Jolbors |
М м | M m | Тамчы | Tamchy |
Н н | N n | Нарын | Naryn |
Ң ң | Ng ng | Кең-Сай | Keng-Say |
О о | O o | Котур | Kotur |
Ө ө | O o | Көлмө | Kolmo |
П п | P p | Торпок | Torpok |
Р р | R r | Сарык | Saryk |
С с | S s | Сокулук | Sokuluk |
Т т | T t | Түтөк | Tutok |
У у | U u | Бужум | Bujum |
Ү ү | U u | Күркүрөө | Kurkuroo |
Ф ф | F f | Фергана | Fergana |
Х х | Kh kh | Хауз | Khauz |
Ц ц | Ts ts | Цурюпа | Tsuryupa |
Ч ч | Ch ch | Үчбай | Uchbay |
Ш ш | Sh sh | Чайыш | Chayysh |
Щ щ | Shsh shsh | Щуровский | Shshurovskiy |
ъ |
| Партсъезд | Parts"ezd |
Ы ы | Y y | Чынар | Chynar |
ь |
| Тянь-Шань | Tyan'-Shan' |
Э э | Е е | Эпкин | Epkin |
Ю ю | Үu yu | Юша-Сай | Yusha-Say |
Я я | Үа ya | Яссы | Yassy |
5. Латын тамгасында кичине жана баш тамгаларды колдонуу географиялык объекттердин аталыштарын кыргыз тилинде жазуудагы кичине жана баш тамгалардын колдонулушуна шайкеш келиш керек.
Долон аш. Dolon ash.
Молдо-Тоо Moldo-Too
6. Түрлүк географиялык терминдер алардын кыргыз тилинде жазылышына ылайык толук же кыскартылган формада берилет.
Каракол өрөөнү Karakol oroonu.
Сары-Булак ч. Sary-Bulak ch.
7. Компоненттин ролунда түрлүк географиялык терминдерди камтыган көп сөздүү географиялык аталыштар кыргыз тилинде жазылышына ылайык аларды көрсөтпөстөн берилет.
Төрт-Көл Tort-Kol.
Айгыр-Булак Aygyr-Bulak.
8. Латын тамгасы менен географиялык аталыштардын көрсөткүчтөрүн түзүүдө географиялык атталыштар латын алфавитинин негизги белгилеринин тартиби боюнча берилет: a, b, c, d, e, f, g, i, j, l, m, n, o, p, r, s, t, u, v, u, z. Кошумча белгилери бар тамгалар (Oo, Uu) жана алары жоктору (Oo, Uu) бирдей болуп саналат жана алфавиттик тартипте жайгаштырылат.