Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КАРА-СУУ АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 25-ноябрындагы № 2
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Кара-Суу айылдык кеңешинин бюджет, финансы, инвестиция, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун карап, талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңешинин lX чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн салык агенттиги төлөөчү киреше салыгынын планы 400,0 (төрт жүз миң) сомго көбөйтүлүп, чыгаша бөлүгүнүн планына 70921-бөлүктүн 22221200-беренесине Б.Миңбаев мектебинин спорт залына курулуш материал сатып алуу үчүн 400,0 миң сом кошуп берилсин.
2. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси М.Шабдановдун, Топ-Жангак айылындагы Кожо-Ата суусунун жазгы көбөйүшүнөн улам, жолго, аймактык ооруканага, мектепке жана бир нече соода түйүндөрүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу максатта жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
а) Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүндө көрсөтүлгөн 70629-бөлүктүн 22211200 беренесиндеги “Кез-Арт-Кыр-Жол” жолун ондоп салууга бөлунгөн 250,0 (эки жүз элүү миң) сом каражаттын ичинен 100,0 (жүз миң) сом Кожо-Ата суусунун жээгин бекемдөөгө бөлүнүп берилсин.
3. Жүзүмжан айылындагы бөктөр участкасынын тургундарынын, эскилиги жетип, жашоочуларга коркунуч жаратып жаткан столбаларды жана электр мамычаларды алмаштырууга каражат сурап жазган кайрылуу каты канааттандырылсын.
а) Жүзүмжан айылынын тургундары өтүү үчүн салынуучу көпүрө демөөрчү тарабынан курулуп калгандыгына байланышту, жергиликтүү бюджеттин 70629-бөлүгүнүн 22221200 беренесиндеги “Ак-Дөбө айылындагы окуучулар өтүү үчүн жөө көпүрөнүн ремонтуна” бөлүнгөн 80,0 (сексен миң) сом каражатты 70629-бөлүктүн 22221200 беренесиндеги “Жүзүмжан айылынын Улуу-Чат участкасындагы жараксыз столбаларын жана эскирген зымдарын алмаштыруу” үчүн бөлүнгөн 50,0 (элүү миң) сом каражатка кошуп, Жүзүмжан айылындагы жараксыз столбаларды жана эскирген электр мамычаларды алмаштырууга 130.0 (жүз отуз миң) сом бөлүнүп берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, финансы, инвестиция, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиянын трагасы А. Алымкуловго жүктөлсүн.
Кара-Суу айылдык кеңештин төрагасы: |
| У.Жунусалиев |