Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 10-майы № 10-5
Н. Исанов айыл аймагынын менчигиндеги «Муниципалдык менчик мүлктөрүн (жер участоктон тышкары) пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобосун бекитүү туралуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан 2022-жылдын 28-июлундагы № 189 буйругу менен бекитилген «Муниципалдык менчик обьектерин пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобосуна негиз кылып Н. Исанов айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Н. Исанов айыл аймагынын менчигиндеги «Муниципалдык менчик мүлктөрүн ( жер участоктон тышкары) пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобосу бекитүүгө макулдук берилсин.
2. Бекитилген Жобого ылайык иш алып баруу жагы «Н. Исанов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Облустук Юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Н. Исанов айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Н. Жолдошов |