Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КАРА-СУУ АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 25-ноябрындагы № 4
Кара-Суу айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын аткарган иштери боюнча маалымат берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап, талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айылдык кеңештин “айыл-чарба, жер, экология, чек-ара, маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын жана “жаштар жана спорт” боюнча туруктуу комиссиясынын аткарган иштери боюнча берген маалыматы жактырылсын.
2. Кара-Суу айылдык кеңештин “бюджет, финансы, инвестиция, муниципалдык менчик” боюнча туруктуу комиссиясынын, “социалдык маселелер” боюнча туруктуу комиссиясынын жана “мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо” боюнча туруктуу комиссияларынын аткарган иштери боюнча маалыматы даяр болбогондуктан кийинки сессияга калтырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
Кара-Суу айылдык кеңештин төрагасы: |
| У.Жунусалиев |