Загрузка документа…
. ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 12-июлу № 11-2
“Н. Исанов айыл аймагына караштуу Күңгөй-Кожоке айылынын Төш участкасынын №4731 контурундагы 0, 60 га жайыт эсебиндеги жер тилкесин бала бакча куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “ Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө”
Н. Исанов айыл аймагына караштуу Күңгөй-Кожоке айылынын Төш участкасынын №4731 контурундагы 0, 60 га жайыт эсебиндеги жер тилкесин бала бакча куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “ Калктуу конуштардын жерлери” категориясына Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлдагы “Жер участогун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү №145 Мыйзамынын 12-беренесинин 9-пунктуна негиз, макулдук берүү үчүн айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап Н. Исанов айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын «Жер Кодексинин» 12,15-беренесине, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлдагы “Жер участогун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү №145 Мыйзамынын 12-беренесинин 9-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “ Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү Жобого ылайык, Күңгөй-Кожоке айылынын Төш участкасынын №4731 контурундагы 0, 60 га жайыт эсебиндеги жер тилкесин бала бакча куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин
2. Күңгөй-Кожоке айылынын Төш участкасынын №4731 контурундагы 0, 60 га жайыт эсебиндеги жер тилкесин бала бакча куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) иш кагаздарын даярдап, райондук комиссияга сунуштоо А. Жолдошевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин айыл чарба, жерге жайгаштыруу жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Жолдошов |