Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 12-июлу № 11-3
Муниципалдык менчиктеги тигүү цехин ижарага берип, Арис тарабынан сатылып алынган жабдууларды айыл өкмөтүнүн балансына алууга жана ЕРМИ программасына киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө
Н. Исанов айыл аймагынын Жаңы-Базар айылынын борборуна курулган муниципалдык менчиктеги тигүү цехин Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамына негиз, ижарага берип, Арис тарабынан сатылып алынган жабдууларды айыл өкмөтүнүн балансына алууга жана ЕРМИ программасына киргизүүгө макулдук берүү максатында айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап Н. Исанов айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Н. Исанов айыл аймагынын Жаңы-Базар айылынын борборуна курулган муниципалдык менчиктеги тигүү цехин Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 15-беренесине негиз, ижарага берип, Арис тарабынан сатылып алынган жабдууларды айыл өкмөтүнүн балансына алууга жана ЕРМИ программасына киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Муниципалдык менчиктеги тигүү цехин Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 15-беренесине жана Муниципалдык менчиктеги обьекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө Жобосуна негиз, мыйзам чегинде иш алып баруу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин айылдык кеңешинин айыл чарба, жерге жайгаштыруу жана экология» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Жолдошов |