Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаны-Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз
40- сессиясынын
2024-жылдын 24-июну №40/1
Жаңы-Алай айылынын ички арыктарына темир бетон ( латок) басуу үчүн сунушталып жаткан долбоорду карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык Жаңы-Алай айылдык кеңеши
токтом кылат:
1.Жаңы-Алай айылынын ички арыктарына темир бетон (латок) басуу үчүн сунушталып жаткан долбоорду карап чыгып, жалпы суммасы 1 818 600 сомго ички арыктарынатемир бетон ( латок) басууга макулдук берилсин.
2.Жаңы-Алай айылынын ички арыктарына темир бетон ( латок) басуу үчүн 1 500 000 сом Алай райондук өнүктүрүү фондунан суралсын.
3.Ал эми өздүк салым үчүн жергиликтүү бюджеттен керектелүүчү 318,600 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4.Кабыл алынган токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде камсыздоо айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кеңешовго милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага М.Макенов