Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 12-июлу № 11-5
“Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Кожоке айылындагы “Парча-Эне” мектепке чейинки билим берүү мекемесине кошумча тайпа ачуу ” жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Кожоке айылындагы “Парча-Эне” мектепке чейинки билим берүү мекемесине кошумча тайпа ачуу” жөнүндөгү элдик жыйындын протоколуна негиз жана “Парча-Эне” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жетекчиси М.Ташбаеванын сураныч катына, айылдык кеңештин депутаты Г.Абдиеванын билдирүүсүнө ылайык, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп талкуулап Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Кожоке айылына “Парча-Эне” мектепке чейинки билим берүү мекемесине кошумча тайпа ачуу” жөнүндөгү айылдык кеңештин депутаты Г. Абдиеванын билдирүүсүнө ылайык, элдик жыйындын протоколу канааттандырылып, кошумча тайпа ачууга макулдук берилсин.
2. Кожоке айылындагы ”Парча-Эне” мектепке чейинки билим берүү мекемесине кошумча ачылуучу тайпаны Республикалык бюджетке киргизүү айыл өкмөтүнө, 3-тайпага алынып жаткан балдар үчүн шарт түзүү балдар бакчасынын жетекчилигине милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык Кеңешинин «социалдык –маданий, билим берүү, миграция, туризм,жаштар жана саламаттыкты сактоо» боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А. Эргешовага жүктөлсүн.
Төрага | Н. Жолдошов |