Загрузка документа…
Жаны-Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз
40-сессиясынын
2024-жылдын 24-июну №40/2
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Алай, Жаңы-Арык жана Торгой-Булак айылдарына электр мамычаларын орнотуу жөнүндө
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Алай, Жаңы-Арык жана Торгой-Булак айылдарына электр мамычаларын орнотуу үчүн сунушталып жаткан долбоорду карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык Жаңы-Алай айылдык кеңеши
токтом кылат:
1.Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Алай, Жаңы-Арык жана Торгой-Булак айылдарына электр мамычаларын орнотуу үчүн сунушталып жаткан долбоорду карап чыгып, жалпы суммасы 3 597,3 миң сомго макулдук берилсин.
2.Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Алай, Жаңы-Арык жана Торгой-Булак айылдарына электр мамычаларын орнотуу үчүн 3 597,3 миң сом Ош облустук өнүктүрүү фондунан суралсын.
3. Ал эми өздүк салым үчүн жергиликтүү тургундардын салымына 680,000 сом акча каражаты белгиленсин.
4.Кабыл алынган токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде камсыздоо айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кеңешовго милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага М.Макенов