Загрузка документа…
УЧКУН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Учкун айылдык Кеңешинин ХХХI чакырылышынын 3 – кезексиз сессиясынын
2022-жылдын 19-апрели № 3/1
Куланак айылындагы А.Орозакунов атындагы эс алуу паркындагы карыган бак-дарактарды кыркууга уруксат берүү жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселе:
Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы Э Өмүрзаковдун 04.04.2022 - жыл № 119 Куланак айылындагы А. Орозакунов атындагы эс алуу паркындагы карыган бак – дарактарды кыркууга уруксат берүү тууралуу кайрылуусуна байланышкан маселе тууралуу.
Күн тартибиндеги маселени талкуулап Учкун айылдык Кеңешинин сессиясы
т о к т о м к ы л а т :
1.Куланак айылындагы А. Орозакунов атындагы эс алуу паркынын ичиндеги карыган бак – дарактарды кыркууга уруксат берилсин.
2.Кыркылган бактардын материалдык жарактуу бөлүктөрүн кириштөө, жараксыз бөлүктөрүн отун катары аз камсыз болгон үй – булөлөргө бөлүштүрүп берүү иштерин жүргүзуу боюнча атайын комиссия түзүлсүн жана бул багыттагы тийешелүү иштерди алып баруу жагы Учкун айыл аймагынын айыл өкмот башчысы Э.М.Өмүрзаковго тапшырылсын.
3.Токтомдун экинчи пунктуна ылайык максаттуу иштерди алып баруу багытында төмөндөгүдөй курамдагы атайын комиссия түзүлсүн:
1.Орозбеков Аксуубай – Учкун айылдык Кеңешинин депутаты, ком. төрагасы.
2.Бейшеналиев Адилет – Учкун айыл өкмөтүнүн адиси, катчы-орун басары
3.Мусапов Жылдызбек – Учкун айылдык Кеңешинин депутаты, мүчөсү.
4.Аскарбеков Рахат – А.Аралбаев о.м. завхозу, мүчөсү.
5.Солтоналиев Эмил – Учкун айыл өкмөтүнүн МЧС адиси, мүчөсү.
6.Балтабаева Анара – Учкун айыл өкмөтүнүн соц. Адиси, мүчөсү
7.Муса уулу Тилек – Куланак айылынын тургуну, мүчөсү
Учкун айылдык Кеңешинин төрагасы: |
| К. Тостоков |