Загрузка документа…
УЧКУН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Учкун айылдык Кеңешинин ХХХI чакырылышынын 3 – кезексиз сессиясынын
2022-жылдын 19-апрели № 3/2
Учкун айыл аймагындагы “Раушан-Учкун”, “Таңгабийке-Бердике” бала бакчаларына жана Куланак айылдык милиция бөлүмүнө жаңы курулуш куруу үчүн жер аянттарын берүүгө макулдук берүү жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселе:
Учкун айыл аймагынын Учкун айылындагы “ Раушан – Учкун “ бала бакчасына, Куланак айылындагы “ Таңгабийке – Бердике “ бала бакчасына жана Куланак айылдык милиция бөлүмүнө жаңы курулуш куруу үчун жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү тууралуу.
Күн тартибиндеги маселени талкуулап Учкун айылдык Кеңешинин сессиясы
т о к т о м к ы л а т :
1.Учкун айыл аймагынынайылдык Кеңешинин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын 15.04.2022-жыл № 4 чечими бекитилсин.
2.Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 32 – беренесинин 4-бөлүмүнө жана бала бакча башчысы Т.Мамырбаеванын 10.04.2022-жыл № 88 катынын негизинде Учкун айыл аймагынын Учкун айылындагы эски мектептин корпусунун жанында жайгашкан муниципалдык менчиктеги 1 (бир) га жер аянты “ Раушан – Учкун “ бала бакчасына 150 орундук жаңы курулуш курууга макулдук берилсин.
3.Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 32-беренесинин 4-бөлүмүнө жана бала бакча башчысы Т.Токсобаеванын 13.04.2022-жыл № 72 катынын негизинде Учкун айыл аймагынын Куланак айылындагы муниципалдык менчиктеги мехпарктын (трактор гараж) территориясынан жаңы бала бакча курулушу үчүн “Таңгабийке – Бердике” бала бакчасына жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
4.Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 32-беренесинин 4-бөлүмүнө жана Учкун айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 15.04.2022-жыл № 122/1 катынын негизинде мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн Учкун айыл аймагынын Куланак айылына Куланак айылдык милиция бөлүмүн курууга, муниципалдык менчиктеги калкты тиричилик жактан тейлөө бөлүмүнүн (Дом.быт) 900 чарчы метр жер аянтын берүүгө макулдук берилсин.
5.Ушул токтомдун негизинде укук берүүчү документтерди бүткөрүп берүү жагы Учкун айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
6.Токтомду uckuh.haryh-regloh.kg веб сайтына жайгаштыруу Учкун айыл аймагынын айылдык Кеңешинин катчысына милдеттендирилсин.
Учкун айылдык Кеңешинин төрагасы: |
| К. Тостоков |