Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 28-февралы ПЖ № 75
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясын кызмат ордунан убактылуу четтетүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 96-беренесинин 4-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук бергендигине байланыштуу Ош облусунун Араван райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Джолбунов Нурбек Болотбекович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан убактылуу четтетилсин.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |