Н. ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Н. Исанов атындагы айылдык Кеңешинин №8-чакырылышынын
кезексиз 11-отуруму (сессиясы)
2024-жылдын 12-июлу № 11-6
Суу пайдалануучулар бирикмесинин сугат суу боюнча 1,0 га жер үчүн сугарылган эгиндин жылдык тарифин бекитүү жөнүндө
Н. Исанов айыл өкмөтүнүн өсүмдүк өстүрүү жана жер боюнча башкы адис А. Жолдошевдин билдирүүсүнө негиз, Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы «Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө” № 38 Мыйзамына ылайык, айыл аймагындагы Суу пайдалануучулар бирикмесинин сугат суу боюнча 1,0 га жер үчүн сугарылган эгиндин жылдык тарифин бекитүү жөнүндө айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап Н. Исанов айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Н. Исанов айыл аймагындагы Суу пайдалануучулар бирикмесинин сугат суу боюнча 1,0 га жер үчүн сугарылган эгиндин жылдык тарифин бекитүү колго алынсын. Сугат суунун тарифи тиркелет.
2. Н. Исанов айыл аймагындагы Суу пайдалануучулар бирикмесинин сугат суу боюнча 1,0 га жер үчүн сугарылган эгиндин жылдык бекитилген тарифи боюнча 2025-жылдан баштап мыйзам чегинде иш алып баруу «Алтын казык булагы» муниципалдык ишканасынын жетекчисине милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин айылдык кеңешинин айыл чарба, жерге жайгаштыруу жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Жолдошов |