Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 9-апрели № 189
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 159 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлеринин социалдык камсыз болуу деңгээлин жогорулатуу, алардын эмгек шарттарын жакшыртуу жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматына коюлган милдеттерди натыйжалуу аткаруу үчүн мотивациялоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 159 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду жөнүндө жободо:
- 3-пунктта:
4-пунктчада "2,0" деген цифралар "2,5" деген цифраларга алмаштырылсын;
6-пунктчада "1,5" деген цифралар "2,0" деген цифраларга алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |