Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 12-июлу № 11-9
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бюджетин жана 2025-2026- жылдарга бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндөгү токтомго өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Айыл өкмөтү 2024-жылдагы бекитилген бюджетине өзгөртүү киргизүүнү депутаттардын Н.Исанов атындагы айлдык кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк » боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып, иштелип чыгылгандыктан. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесин колго алып 4-бөлүгүнүн негизинде депутаттардын Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши карап чыгып токтом кылат:
1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинин 70491- бөлүмүнөн 2215 беренесиндеги долбоорлорго деген акча каражаттарынан КР жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары союзунун мүчөлүк акысына 66,6 миң сом акча каражатын жылдырылып берилсин.
2. КР жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары союзунун мүчөлүк акысына 66,6 миң сом акча каражатын которуп берүү айыл өкмөтткө жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдүк кылуу жагы депуттардын Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Жолдошов |