Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 12-июлу № 11-10
М. Айдаровго жана И. Абдурахмановго Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Н. Исанов айыл өкмөтүнүн Жар-Коргон айылынын айыл башчысы М. Мөнөковдун билдирүүсүн негиз, Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-июлундагы №157 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө» Мыйзамына жана Айылдык кеңештин 2023-жылдын 3-октябрындагы депутаттардын кезектеги 5-отурумундагы №5-5 токтому менен бекитилген Жобого ылайык, ардагер муниципалдык кызматкерлер М. Айдаровго жана И. Абдурахмановго «Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу жөнүндө айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап Н. Исанов айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Н. Исанов атындагы айыл аймагынын мамлекетти жана демократиялуу коомду, элдин биримдигин коргоп, чыңдоодогу,өлкөнүн экономикалык, интеллектуалдык жана рухий потенциалын арттыруудагы салымын, элдин алдындагы коомдук, гуманитардык, кайрымдуулук жана баша иштердин түрүнө сиңирген эмгегин таануу менен Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Ардагер муниципалдык кызматкерлер Айдаров Маматжакыпка жана Абдурахманов Ибайдуллага «Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу үчүн иш кагаздарын даярдоо айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин социалдык-маданий, билим берүү, миграция,туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Жолдошов |