Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 12-февралы № 4-1
Көк-Жар айыл аймагындагы Ош-Раззаков эл аралык маанидеги авто жолунун кызыл сызыгында жайгашкан бак-дарактарды кыюуга макулдук берүү тууралуу
Көк-Жар айыл аймагындагы Ош-Раззаков эл аралык маанидеги авто жолун реконструкциялоо иштери башталгандыгына байланыштуу, кызыл сызыкта жайгашкан 280 түп туя, 37 түп жаңгак жана 697 түп ар кандай бак-дарактарды кыюуга макулдук берүү максатында, жер, айыл чарба, суу, жайыт, жаратылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, “Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Көк-Жар айыл аймагындагы Ош-Раззаков эл аралык маанидеги авто жолунун боюнда жайгашкан 280 түп туя, 37 түп жаңгак жана 697 түп ар түрдүү бак-дарактарды кыюуга макулдук берилсин.
2.Тиешелүү мекеме-ишканалардан корутунду алуу жана токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жер, айыл чарба, суу, жайыт, жаратылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р. Арапов |