Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 14-сентябры № 12-1
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бюджетин жана 2025-2026- жылдарга бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндөгү токтомго өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Айыл өкмөтү 2024-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгүнө 9 ай ичинде үнөмдөлгөн акча каражаттарын кайра иштетүү боюнча тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин « Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк » боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып, иштелип чыгылгандыктан. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115- беренелеринин негизинде депутаттардын Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши карап чыгып токтом кылат:
1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнө 9 ай ичинде мамлекеттик сатып алуу конкурсунан үнөмдөлгөн жана иштетилбей калган акча каражаттарын № 1 тиркемеге негиз чыгымдоого макулдук берилсин.
2. № 1 тиркеменин негизинде үнөмдөлгөн жана иштетилбей калган акча каражаттарын жылдырып иштетүү жагы айыл өкмөттүн башчысына жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдүк кылуу жагы депуттардын Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Жолдошов |