Н. ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Н. Исанов атындагы айылдык Кеңешинин №8-чакырылышынын
кезексиз 12-отуруму (сессиясы)
2024-жылдын 14-сентябры № 12-1/1
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бюджетин жана 2025-2026- жылдарга бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндөгү токтомго өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Айыл өкмөтү 2024-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгүнө 9 ай ичинде үнөмдөлгөн акча каражаттарын кайра иштетүү боюнча тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып, иштелип чыгылгандыктан. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренелеринин негизинде депутаттардын Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши карап чыгып токтом кылат:
1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2024- жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнө жыл ичинде бирдиктүү салыгына республикалык бюджеттен компенсацияга келген 750,0 миң сом акча каражатын №1-тиркеменин акча каражатын планга киргизилип, чыгымдоого макулдук берилсин.
2. Жогорудагы бөлүнгөн 750,0 миң сом акча каражатын иштетүү жагы айыл өкмөттүн башчысына жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдүк кылуу жагы депуттардын Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Жолдошов |