Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 7-июнундагы № 24
Ак-Татыр айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Татыр айылына ооруукана курууга жер участогун бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамына ылайык Ак-Татыр айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Татыр айылынан оорукана курууга жер участогун бөлүп берүү максатында, Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы К. Нурмаматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Ак-Татыр айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы токтом кылат
1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Татыр айылынын батыш тарабынан жарандардын жеке менчик турак жай муктаждыгын чечүү максатында калктуу конушка которулган 0,60 га жер участогунун ичинен соц объекке бөлүнгөн жер участогунан оорукана курууга 2.0 га жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Керектүү документтерди даярдап берүү жагы “Кадастр“ Мамлекеттик мекемесинин Баткен филиялынын жана Баткен регионалдык архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Нурмаматовго жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Татыр айылдык кеңешинин айыл чарба , агро өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Ибраим уулу Т. |