Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 7-июнундагы № 26
Жер участокторун которуштуруу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “ Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” мыйзамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169-токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трасформациялоо) тартиби жөнүндөгү” убактылуу жобосуна ылайык Ак-Татыр айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарба багытындагы жерлерин бир категориядан экинчи категорияга которуу (трансформациялоо) максатында, Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы К. Нурмаматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Ак-Татыр айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы токтом кылат
1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Ак-Татыр айылынын түндүк тарабынан таштуу жайыт багытындагы жерден 3,9 га жер аянтын спорт комплекс курууга жер бөлүп берүү максатында ,”айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “өнөр жайы,транспорт, байланыш, энергетика, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Нурмаматовго жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Татыр айылдык кеңешинин айыл чарба , агро өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Ибраим уулу Т. |