Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 7-июнундагы № 27
“Тоо айылы Рават” макамын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Баткен областы Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын 31.03.2022 № 01-26/412 катыны негизизинде, Ак-Татыр айылдык кеңешинин депутаттары Абдикарим Үсөнов жана Нургазы Кадыровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Ак-Татыр айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы токтом кылат
1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Рават айылы тоолуу айыл болгондугуна байланыштуу “Тоо айылы Рават” макамы берилсин.
2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди бекитип берүү жагы Баткен райондук администрациясынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Татыр айылдык кеңешинин айыл чарба , агро өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Ибраим уулу Т. |