Загрузка документа…
АЛТЫН-АРАШАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 27-марты №33
Алтын-Арашан айыл аймагында жайгашкан участкалык
шайлоо комиссияларынын резервдик
курамын бекитүү жөнүндө
Алтын-Арашан жергилктүү Кеӊеш, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасы Т.У Шайназаровдун 2025 жылдын 14-мартындагы №02-2-8/242 участкалык шайлоо комиссияларынын резервдерин түзүүгө карата көмөктөшүү иштерин жүргүзүү боюнча катынын негизинде, Алтын-Арашан жергиликтүү Кеӊеш токтом кылат:
1.Алтын-Арашан айыл аймагынын Октябрь, Жолколот, Үч-Кайнар, Отуз-Уул, Жаны-Арык, Боз-Булун, Тегизчил, Бөрү-Баш, Черик айылдарындагы участкалык шайлоо комиссияларынын резервдик курамдары тиркемеге ылайык бекитилсин
2.Бул токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Э.Кулетовго жүктөлсүн
Тѳрага А.Токомбаев
Жиберилди: Иш-кагазга-1, а/ѳ-1, Юстицияга -2