Редакцияот 01.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАНЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жаны-Алай айылдык Кеңешинин  VII чакырылышынын кезектеги

 41-сессиясынын

 

2024-жылдын 1-августу № 41/1

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Алай жана Жаңы-Арык балдар бакчасынын жетекчилеринин сунушунун негизинде ата - энелерден түшө турган төлөмдөрдү бекитүү жөнүндө

 

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн  Жаңы-Алай  жана Жаңы-Арык балдар бакчасынын жетекчилеринин сунушунун негизинде  ата - энелерден түшө турган төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Жаны-Алай айылдык

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жаңы-Алай жана Жаңы-Арык балдар бакчасынын жетекчилеринин сунушунун негизинде ата-энелер төл өмү бир балага бир айга 1200 сомдон бекитилсин.

2.Жаңы-Алай балдар бакчасынын жетекчиси А. Шаңыяевага, Жаңы-Арык балдар бакчасынын жетекчиси Ж.Пазиловага ата-энелерден топтолгон каражатты өз убагында атайын өздүк эсебине төгүү жана максаттуу жумшоо жагы милдеттендирилсин.

3.Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчысы Д.Кеңешовго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Пармановго милдеттендирилсин.

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджеттик комиссиясынын төрайымы Н.Арапбаевага милдеттендирилсин.

 

Төрага

Ө. Акбашов