Загрузка документа…
ЖАНЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 1-августу № 41/6
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 41 отуруму, Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Кеңешовдун баяндамасын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктуна ылайык Жаңы-Алай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №735 токтомуна ылайык Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Жайыттарды пайдалануу укугун берүүчү муниципалдык ишканасы” болуп түзүлсүн.
2. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “ Жайыттарды пайдалануу укугун берүүчү муниципалдык ишканасы” тиешелүү жайыт жерлери аныкталсын.
3.Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын, камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы Д.Кеңешовго милдеттендирилсин.
4.Токтомдун мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, жерге жайгаштыруу жана агрардык саясат, инвестиция тартуу, ишкердүүлүк уюмдар менен иштөө туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага М.Макенов