Загрузка документа…
ЖАНЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 29-ноябры №2/2
Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы “Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндөгү” ПЖ№281 Жарлыгын акткаруу максатында Жаңы-Алай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы “Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндөгү” ПЖ№281 Жарлыгынын негизинде, Жаңы-Алай айыл өкмөтүндө 2024-жылдын 4-декабрында Жаңы-Алай айылындагы маданият үйүндө саат 10:00дө Элдик Курултайдын делегеттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйын өткөрүлсүн.
2.Жаңы-Алай айыл аймагында Кезектеги III Элдик Курултайдын делегеттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтор түзүлсүн. ( №1 тиркеме тиркелет )
3.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндөгү” ПЖ№215 Жарлыгы боюнча айыл тургундарына кабарлоо жана ушул айыл аймакта туулуп өскөн, айыл аймактын өнүгүүсүнө кызыктар болгон активдүү жарандарга жекече маалымдоону жеткирүү жагы жумушчу топтун курамына милдеттендирилсин.
4.Өкүлчүлүктүү жыйындын Кезектеги III Элдик Курултайдын делегаттарынын тизмелерин шайлоо тууралуу протоколдорду жана толтурулган анкеталарды уюштуруу комитетине 2024-жылдын 7-декабрга чейин тапшыруу жумушчу комиссияга жүктөлсүн.
5.Кезектеги III Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйындарга чакыруу жана өткөрүү боюнча ар тараптан көмөк көрсөтүү Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Д.А.Кеңешовго, иш кагаздарын алып баруу жагы башчынын орун басары-жооптуу катчы Э.Дурсуматовага милдеттендирилсин.
6.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөөнү өз көзөмөлүмө калтырам.
Төрага Т.Ч.Таалайбеков