Загрузка документа…
ЖАНЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 13-январы №3/3
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен 1019,0 миң сом калган калдык акча каражатын кредитордук карыздарга жана 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин сметасына кирбей калган төлөмдөргө иштетүү жөнүндө
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен 1019,0миң сом калган калдык акча каражатын кредитордук карыздарга жана 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин сметасына кирбей калган төлөмдөргө иштетүү боюнча Жаны-Алай айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Н.Арапбаеванын жана айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Кеңешовдун билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Жаны-Алай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-январына карата 2024-жылдан пайдаланылбай калган 1019,0 миң сом(анын ичинен атайын каражаттар-137,1миң сом) калдык акча каражатын 2025-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча киргизилсин.
2.2025-жылдын башына калган жергиликтүү бюджеттен 881,9 миң сом, атайын каражаттан калган 137,1 миң сом жалпы 1019,0 миң сом калдык бөлүмдөрдүн чыгаша беренелеринин планына тактоо киргизилип чыгымдалсын:
Бөлүм | Беренелердин аталышы | берене | Сумма |
Аппарат | Эмгек акы төлөө фондуна | 2111 | 658,1 |
Аппарат | Социалдык фондко төгүмдөр | 2121 | 98,6 |
Аппарат | Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү | 2215 | 12,1 |
Клуб | Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү | 2215 | 113,1 |
Балдар бакчасы | Тамак-аш азыктарын алуу | 2218 | 137,1 |
|
| Баардыгы: | 1019,0 |
3.Жергиликтүү бюджеттин 2025-жылдын 1-кварталы менен 1019,0 миң сомду бөлүмдөрдүн статьяларынын планына өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Алай башкармалыгынан суралсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана социалдык - экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн жана аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы Д.Кеңешовго, КЭБ башчысы А. Пармановго милдеттендирилсин.
Төрага: |
| Ч. Таалайбеков |