Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 14-сентябры №12-3
Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Күнгөй-Кожоке айылындагы №2271, 2273, 2275 жана Чеч-Дөбө 1699 номерлүү Скважиналарды муниципалдык менчике алуу жөнүндө
Н. Исанов айыл өкмөтүнө караштуу Күнгөй-Кожоке айылындагы №2271, 2273, 2275 жана Чеч-Дөбө 1699 номерлүү Скважиналарды муниципалдык менчике алуу тууралуу Жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адис Жолдошев Абжали Жусуповичтин берген билдирүүсүнө негиз, айылдык Кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап Н. Исанов айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Н. Исанов айыл өкмөтүнө караштуу Күнгөй-Кожоке айылында жайгашкан №2271, 2273, 2275 жана Чеч-Дөбө айылындагы 1699 номерлүү Скважиналары Н. Исанов айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
2. Күнгөй-Кожоке жана Чеч-Дөбө айылында жайгашкан скважиналарды муниципалдык менчике алуу жана мыйзамга ылайык иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзмөлдөө жагы Н. Исанов атындагы айылдык Кеңешинин Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н.Жолдошов |