Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 14-сентябры №12-4
Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Күнгөй-Кожоке айылындагы Алтын-Казык орто мектебинин спорт аянтчасынын бош жаткан жерине грек-рим күрөш залын куруу жөнүндө
Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Күнгөй-Кожоке айылындагы Алтын-Казык орто мектебинин спорт аянтчасынын бош жаткан жерине грек-рим күрөш залын куруу тууралуу Алтын-Казык орто мектебинин кайрылуусун кароодо жана айыл өкмөтүнүн Жер ресурстар жана өсүмдүк өстүрүү башкы адиси А.Жолдошевдин билдирүүсүнө негиз, айылдык Кеңештин депутаттарынын сунуш пикирлерин угуп, талкууулап Н. Исанов атындагы айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын №123 мыйзамына 34-беренесине ылайык, Күнгөй-Кожоке айылындагы Алтын-Казык орто мектебинин спорттук аянтчасынын бош жаткан жерине грек-рим күрөш залын курууга, Алтын-Казык орто мектебинин мугалимдер жамаатынын кайрылуусун канаатандыруу максатында макулдук берилсин.
2. Күнгөй-Кожоке айылындагы Алтын-Казык орто мектебинин спорт аянтчасынын бош жаткан жерине, грек-рим залын куруу үчүн жерин тактап иш кагаздарын даярдоо жагы Н. Исанов айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзмөлдөө жагы Н. Исанов атындагы айылдык Кеңешинин Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н.Жолдошов |