Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 14-сентябры №12-5
Н. Исанов айыл өкмөтүнүн Чеч-Дөбө айылынын “Көк-Жатык” кооперативи ижаранын негизинде иштетип жаткан Кайра бөлүштүрүү фондунда турган жалпы аянты 24,5га болгон, кайрак айдоо жер аянтын бак өстүрүү багытына которуу жөнүндө
Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Чеч-Дөбө айылынын «Көк-Жатык» кооперативинин ижаранын негизинде азыркы учурда иштетип жаткан 24,5 га кайрак айдоо жер аянтын бак өстүрүү багытына которуу (трасформациялоо) максатында Н. Исанов айыл өкмөтүнүн сураныч катына жана айыл өкмөтүнүн Жер ресурстар жана өсүмдүк өстүрүү башкы адиси А.Жолдошевдин билдирүүсүнө негиз, айылдык Кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап Н. Исанов айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Чеч-Дөбө айылынын «Көк-Жатык» кооперативинин ижаранын негизинде азыркы учурда иштетип жаткан 24,5 га кайрак айдоо жер аянтынын максаттуу багытын бак өстүрүү багытына которууга (трансформациялоо) макулдук берилсин.
2. Аталган жер аянтын трансформациялоо, Ноокат райондук мамлекеттик админстрциясына сунуштоо жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзмөлдөө жагы Н. Исанов атындагы айылдык Кеңешинин Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н.Жолдошов |