Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 14-сентябры №12-6
Н. Исанов айыл өкмөтүндөгү 2024-жылга карата аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн сугат айдоо жерлердин ижарачылардын тизмесин бекитип берүү жөнүндө
Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүндөгү аз камсыз болгон сугат айдоо жериндеги ижарачылардын тизмесин бекитүү максатында, билдирүү жасаган айыл өкмөтүнүн Жер ресурстар жана өсүмдүк өстүрүү башкы адиси А.Жолдошевдин билдирүүсүнө негиз, айылдык Кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап Н. Исанов айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүндөгү аз камсыз болгон сугат айдоо жериндеги ижарачылардын тизмесин бекитүүгө макулдук берилсин.
2. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн тизмесин тактап, Кайра бөлүштүрүү фондусунун сугат айдоо жеринен ижарага берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзмөлдөө жагы Н. Исанов атындагы айылдык Кеңешинин Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н.Жолдошов |