Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 14-сентябры №12-9
Н. Исанов атындагы айылдык аймагына караштуу Кожоке айылындагы аты жок көчөгө ат коюу жөнүндө
Н. Исанов атындагы айылдык аймагына караштуу Кожоке айылындагы аты жок көчөгө Жусупов Ыдырыстын атын коюу жөнүндө айыл тургундарынын арызына негиз Н.Исанов айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунуш-пикирин угуп, талкууулап, Н. Исанов айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Н. Исанов атындагы айыл аймагына караштуу Кожоке айылынын К. Султановдун үйүнөн Б.Абдыкадыровдун үйүнө чейинки кыска көчөгө тылдын ардагери Жусупов Ыдырыстын атын коюуга макулдук берилсин.
2. Кожоке айылындагы аты жок көчөгө Жусупов Ыдырысытын атын берүү үчүн иш кагаздарын даярдоо жагы “кадастр” мамлекеттик мекемесинин филиалынан уруксат алуу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Ушул токтомду көзмөлдөө аткарылышын жагы Н. Исанов атындагы айылдык Кеңешинин Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н.Жолдошов |